Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Азыркы учурда бийликтен өч алууга ашыккан күчтүү топтор жетиштүү”


-- Адил мырза, соңку убактарда кандай иштердин өтөсүнө чыгып атасың? Ушул боюнча азыноолак токтоло кетсең?..
-- Жакында эле Польшадан кайтып келдим, ал жерде ОБСЕнин эң бийик трибунасында, ага мүчө болгон 70ке жакын өлкөнүн элчилеринин катышуусунда, Борбор Азиядагы эң талуу маселесине көңүлүн бурдум. Ал биздин жарандардын Украинадагы согушта Россия тараптан катышып жатканын, биздин өлкөнүн коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө чоң шек келтирилип жатканын баса белгиледим. Согушка катышып жаткандардын саны он миңден ашуун деп саналып жатат. Эмне үчүн бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү? Анткени жарандардын өмүрүн сактоо – бул мамлекетибиздин конституциялык милдети жана эл аралык милдеттенмелеринин бир бөлүгү. Себеби, биздин жарандардын чет элдик согушка катышуусу Борбор Азиянын нейтралдуу макамын бузуп, регионду жаңжалдын ичине тартуу коркунучун жаратат жана бизге жат эмес Украина мамлекети менен болгон эки тараптуу мамилелерге зыян келтирет.
Биз, журналисттер бул маселеге көңүл буруу үчүн буга чейин көп иштерди жасадык. Украина аймагындагы туткунга түшкөн аскерлер менен маектерди жүргүзүп келдик. Туткунга түшкөн адамдар медициналык жардам алып жатканын, аларга адамдык мамиле көрсөтүлүп, расмий каналдар аркылуу мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгү берилет экен. Алардын көбү согушка катышканына өкүнүп, башкаларды бул катаны кайталабоого чакырышат.
Бирок биздин иш – бул жалпы аракеттин бир гана бөлүгү. Бүгүн мындан да көп аракет керек. Мен Борбор Азия мамлекеттерине, ОБСЕ мүчөлөрүнө төмөнкү талаптар менен кайрылдым:
-- өз жарандарын чет элдик согушка катышууга чакыруу жана катышуу улуттук мыйзамдарды бузуу экенин ачык айтуу;
-- өлкө ичинде жана чет жактагы эмгек мигранттар арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-- дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү жана каза болгондордун сөөгүн кайтаруу;
-- Россия жана Украинадагы жарандарыбызга консулдук коргоону күчөтүү.
-- Кыргыз журналисттери баштагыдай бийликти сындоого барбай, артка чегинип калышканы убактылуу көрүнүшпү? Бирок, соцтармактарда кырдаалга жараша ачуу пикир жазгандар тыйылчудай эмес го?..
-- Бизде жалган бир түшүнүк орун алып калды, “стабилдүүлүк – бул сын айтпоо, митинге катышпоо” деген. Бул, тескересинче, стабилдүүлүккө шек келтирет. Чынында "ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт". Ачык сын айтуу – коомдо болгон ооруларга бийликтин көңүлүн бурдуртат, бийликтин, элдин өкүлү экенин тастыктайт. Ошону менен бейстабилдүлүүккө жол жабылат. Элдин бугу чыгып турушу керек. Акыркы өлтүрүүлөр абдан чоң резонанс жаратып жатканы да ошондон. Эл саясатты талкуулоодон чочулап калгандан кийин, бүт нааразычылыгын социалдык маселелерге буруп жатат. Бирок саясый эмес маселелерден деле чоң саясат, күтүлбөгөн нааразычылык чыгып кетиши толук ыктымал. Бул бийликке кулак кагыш.
-- Өлүм жазасын киргизүүнү интеллигенция, билимдүү коомчулук анча колдобой, ошол эле кезде жөнөкөй жарандардын “ураалап” жатышканын кандайча чечмелейбиз?
-- Анткени эл колдоп берет. Бирок маселе бир берене менен чечилип калбайт деп ойлойм. Бизге өлүм жазасы бар Батыш мамлекеттерин үлгү катары көрсөтүп жатышат, бирок ал жерде чын эле бийликке баш ийбеген укук коргоо органдары, соттор бар да. Ошентсе да күнөөсүз адамды атып жиберген учурлар деле бар. Бизде андай болбойт деп ким кепилдик берет? Ал убалды өз мойнубузга илбейли. Ошондуктан мен буга караманча каршымын. Ал эми кыздарга болгон мамилени башка комплекстүү чаралар менен иштеш керек. Анын ичинде социалдык-экономикалык саясаттан баштап, тарбия, маданий баалуулуктарды иштеп чыгуу керек. Анан албетте, укук коргоо органдарынын кынтыксыз иши болушу кажет. Сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу зарыл.
-- Парламенттик шайлоого чыккан талапкерлердин катары барган сайын көбөйүп жатат. Бул жарыш мурдагылардан да кымбатка бааланып, кыйынчылык менен өтөрү байкалууда. Бир эсе депутат болуунун деле кадыры кетип калган эмеспи. А мындай шартта “аттангандардын” арбыганын кандайча түшүнөбүз?
-- Туура, парламент элдин үнү эмес, “макул” деген кнопканы баскан органга айланып калды. Мага да бул табышмак, анткени көбү депутат болуп өтүп алып, саясаттын даамын татам деп кыялданып атып, тескерисинче, топтогон акчасы, бизнесинен айрылып, керек болсо мойнуна кылмыш иши илинип калат. Бирок бул нерсе көбүн токтоткон жок. Демек, бул биздин жаман адатыбызга байланыштуу окшойт. Бизде бирөө бир тармакта аз да болсо ийгилик жаратса эле, он миң доллар таба калса эле, тегерегиндегилер “сен саясатка барышың керек” деп түртүп чыгарышат. Өзгөчө таланттуу журналисттердин талпынып, “элиме кызмат кылам” деп чыга калгандарына таңгалам. Элдин үнү так ошол журналистика эмеспи? Азыр чынында Кыргызстанда саясатты жасаган эки эле инсан бар. Парламент – саясый декорация. Бүт үч булактын ээси да азыркы тандем. Эртең бир нерсе болуп кетпесе эле алардын бийлиги күчтөнө берет.
-- Ириде туруктуулукка кандай негиздер шек келтириши мүмкүн? Алдыда саясый кырдаал тынч эле болобу?
-- Бул буга чейинки суроо менен байланыштуу. Азыркы учурда бийликтен өч алайын деген күчтүү топтор жетиштүү: бизнесинен айрылган олигархтар, криминал, мурунку бийликтигилер. Алар бул жолу легитимдүү шайлоо аркылуу бийликке келүү эмес, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо аркылуу ызы-чуу аракетин көрүшү мүмкүн. Ошого ставка жасалат го дейм. Анан дагы азыркы шайлоо системасы буга түртүп жаткандай. Анткени ар бир округда уткан, ыраазы болгон үч талапкер, анан ага нааразы болгон, жеңишке жетпей калган ондой талапкер болот да. Бул да бейстабилдүүлүкө жол ачып коюшу мүмкүн. Эми муну бийликтегилер алдын ала ойлонду деп үмүт кылгандан башка аргабыз жок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











