Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Ражабалиев: “Баткендеги социалдык маселелерди чечүү менен чыр-чатактарды азайтсак болот”

Нурлан Ражабалиев: “Баткендеги социалдык маселелерди чечүү менен чыр-чатактарды азайтсак болот”

03-февраль, 18:00
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурлан мырза, жакында эле “Элдик” депутаттар тобу Баткенге барып келген экенсиздер. Эл менен жолугушкан учурда алар кандай көйгөйлөрдү айтышты?

-- Эң башкы көйгөй – чек ара маселесин чечип берүүнү суранышты. Бирок, анын чечилиши айларга, балким жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Эч ким “эртең, же бүрсүгүнү чечип берем” деп мөөнөтүнө кепилдик бере албайт. Бирок, чек арадан башка да бир топ социалдык маселелер бар. Ошол маселелерди чечүү менен да биз чыр-чатактардын алдын алсак болот. Мисалы, Көк-Таш айлына барсак, он беш пункттан турган тизмени беришти. Башка айылдарда да ошондой эле көйгөйлөр бар. Биз ошолордун баарын жалпылап, Жогорку Кеңеште айттык.

-- Эң негизгилери кайсылар?

-- Сугат суу келчү, таза суу алынчу каналдар Тажикстандын аймагы аркылуу өткөндүктөн, чек арага танапташ он эки айылдын ону кошуна өлкөгө көз каранды. Алар каалаган учурда сууну бууп, каалаган учурда суунун көлөмүн азайтып коюшуп, биздин эл бир топ кыйынчылыкка дуушар болууда. Чыр-чатактын чыгыш себептеринин бири да ушул. 

Ак-Сай–Тамдык жолу тууралуу көптөн бери айтылып келатат. Бул жолдун курулушу токтоп калган. Аны жандандыруу керек. Ак-Сай–Рават жолу өңгүл-дөңгүл, кар жааганда анча-мынча машина чыга албайт. Бирок, кечээ жакында чыр-чатак болгондо суукта эл бала-чакасын жүк ташыган портерлерге салып алышып, ошол жол менен качышты. Эгер жолдор оңдолуп, шарт түзүлсө, бул дагы социалдык чыңалууну бир аз басаңдатат эле. Буга окшогон маселелер өтө көп. Мисалы, Ак-Татыр айылына оорукана куруу зарыл. Үч айыл өкмөтүндө 30 миң калк жашайт. Кечээкидей окуяларда бирөө жаракат алса, Баткенге алып келиш кыйын. Себеби, Төрт-Көчө буулуп, өтө албайт. Кээ бир айылдарда балдар коридорлордо окуп жаткан мектептер бар.

-- Сиздин оюңузча, биринчи кезекте кандай чаралар керек?

-- “Элдик” депутаттар тобу ушундай сунуш киргиздик (менимче, муну башка кесиптештерибиз да колдоп беришет) министрлер кабинети тарабынан атайын комиссия түзүлүп, алар Баткенге барышса, жол, суу болобу, мектеп болобу, ар бир маселени жеринде терең изилдеп, анан чечүү жолдорун сунушташса. Кеңешмеде талкуулап, каражат бөлүү жагына жардам берсе, Жогорку Кеңеш да Баткендин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чоң салымын кошкон болор эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер