Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшебай Усубалиев: Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы” же адамдын адамдык трагедиясы

Бейшебай Усубалиев: Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы” же адамдын адамдык трагедиясы

21-октябрь, 21:17
760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Жамгырдын керемет касиетке ээ болушу дал ушундай катмарланган карым-катнаштан жаралган. Ал (ээ болуу) ырдын экинчи сабагында башталган эле, б.а., анын периштелик касиети адегенде ушул жерде ачылат. Биз жакшы билебиз, анда кыз менен жамгыр кездешет, жок, тескерисинче, жамгыр менен кыз кездешет экен. Бирок жамгыр кызды көрөрү менен эле анын аруулугуна тизе бүгүп, өзүнүн табигый нурк-насилинен кечип салат да, кыз менен жуурулушуп кетет, экөө эгизге айланат. Демек, жамгыр менен кыз эмес, периште менен периште жолугушкан болуп чыгат:

= жамгыр — периште, кыз — периште.




Ушул эле маалда өзүнүн периштелигин туюуга кудуретсиз кыз жамгырдагы периштеликти да туя албайт, ошондуктан кызга караганда ары сезимтал, ары акылдуу жамгыр периште бойдон калат да, кыз периштеликтен байкушка айланып кетет: жамгыр  периште - кыз (байкуш).

Үчүнчү сабакта жамгырдын периштелиги ого бетер айкын болот, тереңдетилет, анткени жуурулушуп эгизге айланган жамгыр (периште) менен кыздын (периште) мамилеси чорт үзүлүп, бырын-чырыны чыгат да, теңирден тескери мамилеге айланат. Буга колхозчу ата себепкер болот. Ал жамгырдын периштелигин туя албайт, өзү да периштеге айлана албайт, анда периштеликтин ныпым да белгиси калбаган (кыз жам­гырдагы, өзүндөгү периштеликти туя албаса да, анда периштелик касиет бар эмес беле!), мындай карым-катнашты төмөнкүдөй берсе болот:




Бул карым-катнаш өзгөчө үчүнчү карым-катнаш биз мойнубузга оңойлук менен ала бербеген бир айбыбызды ачып таштайт, дааналап айтканда, ал адам аттуунун баарына таандык адамдык трагедияны (байкуштукту, шордуулукту) сууруп чыгат. Айтайын деген оюмдун чордонун дал ушул байкуштук түзгөндүктөн, мен ага кеңири токтолууга тийишмин. 

1) Атанын байкуштугу: ал жамгырдан болгону мол түшүмдүн булагын, эрке кызына көйнөк таап берүүчү каражатты гана көрө алат, ал периштеликке көртирлик, куу турмуштун көзү менен гана кароого кудуреттүү, анткени турмуш көйгөйү, жаш курак (муну сынчы тажрыйба деп берип жатпайбы) аны куу турмушка толук көз каранды кылып, кадам жылдырбай биротоло тушап таштаган, байланбоого анын кудурети жетпеген (адам ушундай шордуу эмеспи). Демек, ата сөзүндөгү периштелик менен асылдыкты да көрө албайт, ал бир кезде ушул жамгырдай эле периште, асыл болуп жаралганын туюуга кудуретсиз, анткени аны бул ыйык касиеттен жаш курак менен куу турмуш эчак ажыратып салган, «балалык аны таштап кетпей эле ал балалыкты таштап кетүүгө» аргасыз болгон. Ошондуктан үчүнчү сабакта жамгыр өзүнүн табигый насилине кайтып келип, колхозчу атанын маанайы менен жуурулушуп, каарданып отурбайбы: Жай булуту үстү-үстүнө куралат.

2) Кыз-периштенин байкуштугу: бул периште жамгыр – периштеге өтө жакын. Анткени экөө тең периште, бирок ушул эле маалда кыз анын периштелигин туюуга кудурет­сиз, эркелетип жатса да билбейт. Бул эркеликтин айынан эмес, чын-чынына келгенде, кыз эрке эмес, же дааналап айтканда, адам баласынын эркеси эмес, а табигаттын, Жер-эненин эркеси, ал жаратылышка (өзүнүн түбүнө) өтө жакын турат, дал ушул үчүн жамгырдагы периштеликти билбейт. Ал эми жамгыр кыздан акылдуурак (же акын акылдууракпы!), анткени ал – Жер-эненин табигый, таза эркеси, ал – жаратылышка өтө жакын гана эмес а анын өзү, жам­гыр – бул жаратылыш, Жер-эне. Ошентип, өзүнүн периштелигин туя албаган кыз-периште жамгырдын да периштелигин билбейт, периштеликтин кадырына жете албайт, анткени периштенин периште үчүн баркы жок. Кыз күнөөсүз күнөөлүү, мындай болбой коюуга кудурети жетпейт, ал жамгырдан болгону көйнөгүн булгоочу балчыкты гана көрөт, жамгыр береке, байлык булагы экени менен тумтак иши жок, көйнөгүм эле булганбаса экен дейт, ал ушунусу менен пе­риште, периштелер гана ушинтип күйүп-быша алышат. Ооба, бул үчүн кызды байкуш деп кемсинтүүгө, аёого кымындай да акыбыз жок, бирок ырдын үчүнчү сабагында ары тажрыйбалуу, ары сезимтал, дүйнө-өмүрдүн ак-карасын ажырата алган колхозчу ата капыл-тапыл эле сороюп чыга калып жатпайбы. (Ушу жерде дагы бир байкоомду кыстара кетейин. Менимче, колхозчу атаны акын жедеп аргасы түгөнгөндө кошкон, анткени жамгырдын береке-баркын даңктоону көздөгөн акын ырдын экинчи сабагында капысынан кызга жолуккан да, жамгырдан айрылып калган, бул жагдай, акын өзү мойнуна алгысы келебесе да, анын оюн (идеяны) башка нукка буруп кеткен. Ошондо өжөр акын айтканынан кайтпай көгөрүп, анда эмесе мынакей деп, колхозчу атаны бетине калкалап, өзүнөн өзү коргонгон, бирок колхозчу ата акынга жардам бермек турсун, тескерисинче, анын башка нукка бурулган идеясын ого бетер буруп, тарам-тарам кылып таштаган. (Анда жамгырдан энтеңдеп качып келаткан кыз кандай барат? Үйүнөбү? Жок. Ал үйүнө бара албайт, барууга кудурети да жетпейт, ал түз эле колхозчу атага баратат, баратканда да эки колун көтөрүп алып, өз ыктыяры менен баратат. Бул трагедия эмей эмне!) Кыз – бул келечектеги колхозчу ата, бирок колхозчу ата келечектеги кыз боло албайт. (Бул трагедия эмей эмне!) Кыз кимден качып баратат? Жамгырданбы? Жок. Ал Жер-энеден качып баратат, ал эми адам жаратылыштан канчалык алыстаган сайын, өзүнүн периштелигинен ошончолук кол жууй баштайт, демек, кыз өзүнөн өзү качып баратат, өз түбүнөн качып баратат. (Бул трагедия эм­ей эмне!). Кыз муну билбейт, периштелиги менен билбейт, бирок кандайдыр бир кереметтен кол үзүп баратканын акылы болбосо да жүрөгү менен ошол эле периштелиги аркылуу туят. Ошон үчүн мен өйдөдө «ал (кыз) жамгырдан качпай эле, тескерисинче, татына көйнөгүн наристе колу менен калкалап, чаба жааган жамгырды беттеп баратат, жамгыр аны канчалык шөмтүрөтүп суу кылбасын, ылайга чылап, көйнөгүн булгабасын, баары бир ал жамгырды жек көрө албайт, буга кудурети жетпейт» деп айтып жатпаймынбы. Ооба, жамгыр жамгыр бойдон кала берер, периште бойдон кала берер, а кыз кыз бойдон кала албайт, аны келечекте тажрыйбалуу колхозчу ата күтүп турган болот, ал каалайбы-каалабайбы, баары бир колхозчу атага айланып, экөө жуурулушуп кетет. (Бул трагедия эмес бекен!) Андан да кыз өзүнүн жана жамгырдын периштелигин туюуга кудуретсиздиги үчүн гана эмес, а туюуга үлгүрбөй туруп, колхозчу ата­га өтүп кеткендиги үчүн да байкуш болуп жатканын карабайсыңбы! Эми айткандарымдан улам жаралган катмарланууну (карым-катнашты) схема түрүндө чагылдырууга мажбур болуп отурам. Анткени аны сөз менен түшүндүрүү колдон келбейт экен:

 






 

 














 

жамгыр — периште 

 

 

кыз (колхозчу
 ата)

 












 


 


 


 

 



 





 










Өйдөгүлөргө күбө болгон соң жүрөгүң канап, санаага чөкпөй койбойт экенсиң. Чын эле адам, өңгөсүн айтпай эле коёюн, өзүнүн периште экенин өмүр бою чындап таанып-биле албай өтөбү? Мына, сени ырдагы кыз деп коёюн, б.а., периштесиң, анан өзүңдүн периштелигиңдин кадырына жетүүгө кудуретсизсиң, деги эле периштеликти аңдоого акылың жетпейт. Болуптур, бул «күнөөңдү» тажрыйбасыздыгың, турмуштун ак-карасын айра албагандыгың, кыскасы, көктүгүң үчүн кечирип коёлу дейин, ал эми акылың толуп чатырап, турмушту семичкедей чагып калганда, эмне үчүн колхозчу атанын кейпин кийип калып отурасың? Же периште кезиңде периштеликтин баркын билбесең, билмек түгүл андан өз ыктыярың менен айрылып калсаң, же белиң бекчейип калган курагыңда периштеликти аңдоого (жүрөгүң менен туюуга) кудуретиң жетпесе, атүгүл бул түк оюңа келбесе, анда ким күнөөкөр? Өзүңбү? Куу турмушпу? Куу турмуш башка бирөөнүкү эмес, өзүңдүкү (адамдыкы) да! Башың катат! Ал эми периштеликти аңдай албоо – бул анын кадыр-баркын түшүнбөө дегендик да, демек, адам баласы өз баркын өзү билбей жүрүп өтүп кетет экен да. Ушуларга жүрөк канатып отуруп, акыры буларды жыйынтыктоочу зор соккуга урунасың: жаш курак каардуу сот экен, анын сурагына эч ким туруштук бере албайт; ал эми куу турмуш андан да өткөн каардуу сот экен, буга да эч ким туруштук бере алчудай эмес. Анан адамдын колунан келбеген эч нерсе жок деп чамгарактап жүрүп эле өзүңдүн периштелигиңди туя албаган бойдон периштеликтен ыктыярдуу түрдө айрылып калсаң жана бул балакетиң айныбас мыйзам болсо, анда мындан өткөн траге­дия бар бекен! Жерди таанып-билүү үчүн аны бейишке айландыруу керек эмеспи, ушул сыяктуу эле өзүңдү таанып-билүү үчүн өз кадырыңды билип, аны көкөлөтүшүң керек да. Мына ушуларды ойлоносуң, ойлонуп-ойлонуп отуруп, бу дүйнө-өмүрдүн маани-манызына, өзүңдүн нурк-насилиңе такалбай койбойт экенсиң. Ырда камтылган адамдык трагедиянын (поэтикалык метафоранын) кудурет-күчү ушундабы дейм.

Жогору жакта чийеленишкен катмарланууну (карым-катышты) абдан көп келтирип, ага атайы кеңири токтолдум, анткени ансыз көзүн жылтыратып түпкүрдө жаткан, сымаптай мөлтүлдөп көзгө илинбеген поэтикалык метафорага жетүүгө болбойт эле. Эми мына ошол карым-катнаш эмнени жаратат жана ал эмненин натыйжасында ишке ашат? Мында бири экинчисине жөлөк-таяк болуучу өз ара өтмө катар байланышкан момундай бир процесс бар: карым-катнаш – бул сөздөрдү семантикалык жылышка алып келет, бирок ушул эле маалда сөздөрдө семантикалык жылыш болгондугу үчүн га­на карым-катнаш жүзөгө ашат. Ал эми семантикалык жылыш – бул сөздүн (кеңири алтанда, тилдин) эстетикалык функциясы, б.а., анын поэтикалык кудурет-күчү. Андыктан ордун тапкан, мээлеген бутага таамай тийген сөз  бул жаркын образдын жаралышы дегендик. (Бул өзүнчө бир чоң маселе, ошондуктан ушуну менен гана чектелсемби дейм). Арийне, «Жибек кийген эрке кызда» ар бир сөздүн салмагы, көтөргөн поэтикалык жүгү бар, бирок баарына өз-өзүнчө токтолууга чама-чаркым жетпегендиктен, мен негизгилерин га­на иргеп алдым: жамгыр, кыз, колхозчу ата, жибек, эрке. Ал эми булар өз ара кандайча байланышып, бири экинчисине өтүп, кайсы бир кырдаалда жуурулушуп кетсе, кайсы бир учурда бет карашпай карама-каршы болуп каларын, ошондой эле бир сөз да энантиосемиялык касиетке (карама-кар­шы мааниге) ээ болуп, ал маанилер да бири экинчисине өтүп турарын, кыскасы, миң кубула татаалданып, көп маанилүү сөзгө айланарын өз көзүбүз менен көрдүк. Ушундан улам момундай бир жагдайды дагы бир жолу эскерте кетким ке­лет: өйдөкү маанилер (айталы, бир эле сөздүн бир нече мааниси) биринчи сен чык, анан мен чыгайын деп кезектешип реализацияланбайт, баары бир эле маалда чокмороктошо кыймылга келет. Бул биринчиден. Экинчиден, бир эле сөздүн тигил же бул мааниси өзүн толук ачып көрсөтө албайт, толук ачып көрсөтөйүн деп жатканда эле (б.а., жарымын көрсөткөндө эле) экинчи мааниси сорок этип чыга калат. Му­ну сөздөгү тыбыштардын айтылышына окшоштурсак болот, мисалы, сүйлөп жатканда биз сөздөгү тыбыштарды бирден терип айтпайбыз (анда сөз куралбайт), бир тыбыш толук айтылып бүтө электе эле экинчиси башталат. Мисалы, тоо сөзү тоо түрүндө айтылбайт, а тоо (тоо) түрүндө айтылат. Көркөм кептин бир сыры (татаалдыгы) мына ушунда да жатат.

Эми ары оор, ары талаштуу суроого өтөйүн. Ал акындын сүрөттөлүп жаткан окуяга карата жекече мамилеси (баасы). Бул аркылуу, сынчы С.Жигитов белгилегендей, акындын «жекече адамдык касиеттери, интеллектуалдык жана эстетикалык деңгээли, оригиналдуу акындык ой жүгүртүшү да айкын байкалат». Анда өйдөкү ырда акындын мамилесин кандайча берилген: кимисине боор тартып, кимисин жектейт? Албетте, чыгаан акын катары Алыкул өзүнүн жекече мамилесин балп эттире ачык билдире салбайт, бул (мамиле) көркөм тексттин образдык тканынан сызылып чыгууга тийиш. Ошондой эле муну бир эле ыр аркылуу да аныктоо өтө кыйын, ушул темада жазылган башка чыгармаларына да кайрылуу зарыл. Бул жагдайды жакшы түшүнгөн сынчы акындын жалпы эле жамгыр жөнүндө жазылган ырларына кайрылып, алардагы мотив «Жибек кийген эрке кызда» да кайталанганын белгилейт. Дааналап айтканда, А.Осмонов жамгырга дайыма эмгекчи адамдын көзү менен карарын, өйдөкү ырда да акындын симпатиясы толугу менен колхозчу ата тарапта экендигин көрсөтүп, бирок ушул эле маалда акын кызды жекирип жектебей тургандыгын, ага жеңил ырайым менен мамиле кыларын айтат. Чын эле ушундайбы? Буга жооп берүү үчүн адегенде төмөнкү схемаларды алдыңарга тартмакмын:






 А)


                    















Б)








Ооба, бир караган адамга сынчынын өйдөкү пикиринде эч кандай кынтык жоктой туюлат. Чындыгында эле момундай жагдайларды көңүлгө түйгөндө, ал эч кандай калпыстык кетирген эмес: 1) Ар кайсы кубулушка ар ким (ар бир акын) ар башка көз менен карайт эмеспи, андыктан Алыкулдун жамгыр жөнүндө жазылган башка ырларынын баарында чын эле бирдей мотив кайталанышы да толук ыктымал, анан ошол эле мотивди «Жибек кийген эрке кызга» көчүрө салууга неге болбосун? 2) Эгер биз автордук мамилени поэтикалык метафорадан издебей, а көркөм тексттеги сүйлөмдөрдүн, сөздөрдүн тике маанилеринин суммасынан издесек, анда сын­чынын пикири ого бетер ажарына чыга түшөт.

Бирок мен сынчынын пикирине толук кошула албайм. Албетте, кайсы бир акындын бирдей тематикадагы ырларында бирдей мотив кайталанарын мен деле тана албайм, ошентсе да акын же жазуучу бир чыгармасы менен өлүп, экинчиси менен тирилип турууга милдеткер болгон соң, ар бир ырга өзүнчө мамиле кылуу зарылбы деп ойлойм. Эми кеп мында деле эмес, а мына мында – өйдөдө көркөм кептин (чыгарманын) табияты туура эмес талкуулангандыгында, аны кадыресе кептен айрып турган өзгөчөлүк (касиет) эске алынбагандыгында. Эгерде биз көркөм чыгармадагы сүйлөмдөрдүн, сөздөрдүн тике маанилеринин суммасын гана көркөм чыгарма катары карай турган болсок, анда ал чү” дегенде эле көркөмдүк кунардан ажырайт, көркөм чыгарма болуудан калып, кургак маалыматка айланат да, биз кургак (таза) идеяларды чубап чыгуу менен алектенип калабыз. Биринчи схемага назар буралы: үчөө тең (мен ушул сөздөр менен гана чектелдим, а чынында буга ырдагы баардык сөздөрдү кошууга болот) тике мааниде колдонулду, кыз ме­нен колхозчу атанын тикеден-тике мамилеси эске алынды, демек, мындан көркөм чыгарма эмес, а турмуштук бир ка­дыресе окуя жаралат: «Асманды кара булут чулгап, күн күркүрөп, жамгыр жаап жаткан эле. Ушул жамгырга кыз менен колхозчу ата капысынан кабылып калыптыр. Кыз турмуштун даамын тата элек эрке экен, жамгырдын пайдалуу экенин билбей, «жаабай эле койбойбу, көйнөгүм булганып калмай болду» деп тыртаңдады. Колхозчу ата эл деп, жер деп кара жанын карч урган ары мээнеткеч, ары акылман адам эле, жамгыр береке-байлыктын башаты экенин түшүнүп, «дагы жааса экен, эгин көп болуп, кызымдын курсагы ток, жибек көйнөгү көп болсо экен» деп кубанычы койнуна батпай сүйүндү. Бул өңдүү маалыматты уккан соң ким болбосун а-а, акын дыйканга оң, а кызга терс (же бейтарап) мамиледе болот да деген бүтүмгө келери бышык. Арийне, көркөм чыгарма кандайдыр бир нерсе (жамгыр, кыз, колхозчу ата ж.б.) жөнүндө баяндайт, муну эч ким танбайт, бирок анын жаны поэтикалык метафорада жаткандыгын, дал ушул аркылуу эстетикалык жүктү аркаларын кантип унутуп коё алабыз? Көркөм чыгармадагы сөз – бул кадыресе эле сөз эмес, ал баарыдан мурда көркөм образ, мына, экинчи схемага (мен схеманы өтө жөнөкөйлөтүп келтирип отурам) на­зар салалычы, бир да «соо» сөз жок, баары семантикалык жылышка дуушар болуп, катмарланып татаалданууга кабылган, бири-бири менен өтмө катар байланышып, өзүнчө эле бир татаал, кыйма-чийме карым-катнашты жараткан. Мына дал ушул татаал процесстин туундусу катары поэтикалык метафора аста-секин башын кылтыйтат, демек, биз автордук мамилени (бааны) биринчи кабаттан гана эмес, баарыдан мурун экинчи кабаттан издөөгө милдеткербиз. Жогоруда айткандарды, поэтикалык метафораны эске алсак, «Жибек кийген эрке кыздагы» автордук мамилени жалпысынан чаңырык-чакырык түрүндө элестетсек болот. Мен аны үчкө бөлүп көрсөтөр элем:

1) Кызды ушул (периште) бойдон калууга чакырып чаңыруу, баары бир бул бойдон кала албастыгына чаңыруу;

2) Атанын ушул деңгээлге (периштеликти түк унутуу, ар нерсеге көртириликтин көзү менен кароо) жеткенине чаңыруу, кызды дал өзүндөй кейпке жеткирерине (жана да кыз мындай деңгээлге аргасыздан, өз ыктыяры менен жетерине) чаңыруу;

3) Адам аттуунун бул адамдык трагедиясы дүйнө-өмүрдүн айныбас мыйзамы экенине чаңыруу.

Ушундан улам акындын симпатиясы кай (ким) тарапта (?) деген суроо туулбай койбойт. Буга так, кесе жооп берүү өтө кыйын экен, ошентсе да мага акындын көңүл чордонунда колхозчу ата эмес, жибек кийген эрке кыз тургандай, акын кызга өзгөчө көңүл буруп, күйпөлөктөп үйрүлө түшүп (ырдын аталышын дагы бир жолу эске сала кетели: «Жибек кий­ген эрке кыз»), ага симпатиясын арткандай, артканда да анын келечек тагдырына каңырыгы түтөп, ашкере аягандай туюлат. «Кыздын жаштыгына жана айыпсыз эркелигине суктана карайт» деп сынчы абдан таамай белгилейт, бирок дал ушул суктануунун өзүндө аёо да, каңырыгы түтөө да жатпайбы. Ооба, автордук маанай (мамиле) ырдын бүтүндөй тулку боюна сиңип кеткен, кунт коюп окусак, «Жибек кийген эрке кыздын» жалпы духунан аёо менен каңырык түтөөнүн илеби уруп турат. (Кыскасы, акын колхозчу атага боор толгоп, аны көкөлөтүүгө канчалык жандалбас кылса да, баары бир ырдагы поэтикалык метафорадан сызылып чыккан талап-муктаждык акындын ниет-тилегине кедерги болгонсуйт: биздин көз алдыбызга колхозчу атадан мурда кыз тартылат, колхозчу атага караганда биз кызга боор тартып, жакын тутабыз, анткени акын анын бүтүндөй төрт дүйнөсүн аңтарып берип таштаган эле). Ошентип, акын кызга өзгөчө боор тартуу менен автордук мамилени ал аркылуу берип, болгон күйүт-арманын ал аркылуу төгөт. Мунун себеби айтпаса да белгилүү: кыз периште, бирок ал муну билбейт, жамгыр да периште, кыз муну да билбейт, анан да кийин кыз ушул эле бойдон колхозчу атага айланып кетет, кыз байкуш муну да билбейт. Айтор, кыз колхозчу атага караганда өтө оор, орду толгус жоготууга учурайт. Ушундай мааниде алганда, акын колхозчу атага кайдыгер карап, бейтарап мамиледе болгондой туюм калтырат, колхозчу атанын азыркы деңгээлге жеткенине анын өзү айыптуу эмес экенин сезип, колхозчу атаны аягансыйт, бирок ал жетерине жетип, жоготорун жоготуп жаны тынган дегендей ойдо болгонсуп, ага анча деле күйпөлөктөбөйт. Дегинкиси, ырды окуганда автордун өзү, ички уйгу-туйгусу, мамилеси кыз аркылуу берилгендей таасир калтырат. 

Ал эми үчүнчү чаңырыктын доошу өтө катуу, мында акындын конкреттүү бир кишиге (кызга, колхозчу атага ж.б.) эмес, а бүтүндөй дүйнө-өмүргө, жашоого, адам аттууга болгон мамилеси камтылган. Бул оңбу же терспи? Муну акын табышмак бойдон кал­тырат. Окурманым, дүйнөнү менин көзүм менен карап көрчү, ага кандай баа берер экенсиң; өзүңдү да карап көрчү, бейпайга түшүп, өзүңдү жеңүү жөнүндө ойлонууга кудуретиң жетер бекен (?) дегендей сырдуу тымпыят.

Эми үчүнчү сурообузга келели. Бул маселе өзүнчө кеңири иликтөөнү талап кылгандыктан, мен өйдөкү ырдан улам гана буга кыскача токтоло кетүүнү эп көрүп отурам. Автордук кепте сөздөр маани жактан катмарланып татаалданууга дуушар болоруна, бул аркылуу автордун сүрөттөлүп жаткан предметке карата жекече мамилеси берилерине далай жолу эле ынандык көрүнөт. Ушундан улам мындай катмарланууга автордук кеп гана учурайт, а кейипкер кеби андан сырткары калат экен деген бүтүмгө келүүгө болбойт. Каармандардын кебинде да семантикалык жылыш, катмарлануу болбой койбойт, буга далил катары өйдөкү ырдагы кыз менен дыйкандын кебин келтирели. Кыздын кебинде объективдүү – тилдик маани (жаан жаабай эле койбойбу, көйнөгүм булганып калмай болду) менен катар анын аң-сезиминин деңгээли, б.а., жаштыгы, тажрыйбасыздыгы, периштелиги жөнүндө да кошумча маалымат берилсе, дыйкандын кебинде тике мааниден (жаан дагы төксө экен, эгин мол болуп, кызым жибек көйнөк кийип кулпурса экен) бөлөк да дыйкандын мээнеткечтиги, турмуштун ак-карасына көзү жетип калгандыгы, куу турмушка биротоло байланып, ага баш ийип бергендиги, айтор, аң-сезиминин деңгээли тууралуу да кошумча кабар берилди.

Автордук кеп менен кейипкерлер кебинде маанилик катмарлануунун жалпылыгы мына мында: экөөндө тең эле субъектинин (бирөөндө автордун, бирөөндө кейипкердин) сырткы дүйнөгө карата мамилеси берилет. Ал эми айырмачылыгы катары муну көрсөтсө болот: 1) Автордук кептеги маанилик катмарлануу аркылуу анын (автордун) чындыкка карата жекече пикири, мамиле-баасы берилсе, каармандар кебиндеги маанилик катмарланууда автордук мамиле берилбейт, а кейипкерлердин аң-сезиминин деңгээли, сырткы дүйнөгө карата көз карашы, баасы, кайсы чөйрөгө (диалект) таандык экендиги берилет. 2) Автордук кепте сөздөрдөгү маанилик катмарлануу, көбүнчө атайын, алдын ала ойлонулган, автор тарабынан таанылып-билинген болсо, каармандар кебинде ал эркке баш ийбеген, алдын ала ойлонулбаган мүнөзгө ээ, б.а., мындай катмарлануу кейипкердин өзү тарабынан алдын ала ойлонулбайт, аңдалып билинбейт. Ошондуктан көркөм чыгарманын идеялык мазмунун берүүдө ав­тордук кептеги катмарлануу башкы чечүүчү ролду ойнойт.

Ырды талдоону жыйынтыктап жатып, оюмдун өзөгүн түзгөн поэтикалык ойго дагы бир жолу атайы кайрылып кетким келет. Поэтикалык ойдун жаңылыгы катары оригиналдуу ойду гана эсептөө туура эмеспи дейм, менимче, эски эле ойду жаңыча айтуу да жаңылыкка кирет. (Атүгүл де­ги эле жаңы (оригиналдуу) ой, идея деген болбосо керек деп да ойлоп кетесиң, анткени азыр жаңыдай, эми эле айтылгандай туюлган ой тээ атам заманда эле кимдир бирөөлөр та­рабынан башкача формада айтылган болуп чыгат). Сөз башында эскерткендей, даяр чыгарма деген болбойт, бүткөн чыгарманы ар ким өз алдынча кайра жаратат, атүгүл автор да өзүнүн бүткөн эле чыгармасын улам окуган сайын кайрадан жарата бериши да толук ыктымал. Демек, кимге болбосун чыгарма бүкүлү бойдон эле таасир этпейт, анын жаралуу ыгы, каражаты, техникасы, айтор жаралуу механизми да зор таасирге ээ. Ошентип, форманын өзү мазмунга өтөт, айланат. Буга байланыштуу мен өйдөкү ырдагы поэтикалык метафоранын оригиналдуугу дегенде анын берилиш (курулуу) оригиналдуулугун да эске алып жаткандыгымды белгилей кетмекчимин. Бул биринчиден. Экинчиден, поэтикалык ой (идея) деген оңойлук менен колго илинбейт, толук кандуу көркөм чыгарма дайыма алдамчы келет, мен мына буларды айттым деп жеңил-желпи ойлорду үстүнө калкытып коюшу мүмкүн. Муну «Жибек кийген эрке кыздан» деле көрдүк го, ошо үстүнө өзүнөн өзү эле калкып турган, Эшматка да, Ташматка да аттын кашкасындай белгилүү болгон идеяларды чубап чыгып, белгилүү сынчы да жаңылып отурбайбы. Ошондуктан сынчы поэтикалык ойду бүкүлү кароодон баш тарткан, б.а., ырдын көркөмдүк дөөлөтүн поэтикалык ойдон эмес, анын бир гана каражатынан (сырткы формасынан) көргөн жана буга өзгөчө көңүл буруп, тамшануу менен кеп кылган. Чындап келгенде, анда чыныгы поэтикалык ой жөнүндө сөз жок, ал таза идеялар кандайча куралганын (кирпичке салыштыралы: алар кандайча коюлганын) айтат, а идеянын ички мазмуну тууралуу негедир ооз ачпайт. Канчалык чеберчилик менен кынасаң деле кирпичтериңдин өздөрү борпоң болсо, эртең эле “күү” этип урап түшпөйбү! (Сынамакка өйдөкү идеяларды жеке да, жуурулуштура да карап, аны студенттерге же окуучуларга канкакшап түшүндүрүп, анан «карагылачы, бул ыр чыныгы поэзиянын үлгүсү» деп көргүлөчү, силердин айтканыңарга жок дегенде бир студент же окуучу кадимкидей эргип толкундап, аталган ыр чын эле поэзиянын үлгүсү экенине ишенер бекен?). Мына ушундан улам, поэтикалык метафорага байланыштуу көркөм чыгарманын дагы бир сырын айтсамбы деп турам.

Көркөм чыгарманы ким жаратат? Акын менен жазуучубу? Жок, аны акын же жазуучу жаратпайт, ал булардын туундусу (продукциясы) эмес, көркөм чыгарма – бул Кайыптан бүткөн керемет. Мына, мен ушуну жазып жатам дейсиң, бирок башканы жазып жаткан болосуң; мен муну жазып салдым деп дердейесиң, бирок дагы эле таптакыр башка­ны жазып таштаган болосуң. Анан эркиңе баш ийбеген соң, баш ийгенсип туруп эле өз билгенин кыла берген соң, атүгүл акырын билдирбей сени өзүнө көз каранды кылып алган соң, Кайыптан бүтпөй, неден бүткөн дейм да?.. Пенде катары кимибиз болбосун эки дүйнө (бул дүйнө, тигил дүйнө) менен байланышта болуп, аларды баштан кечирсек, акын же жазуу­чу катары үч дүйнө (бул дүйнө, тигил дүйнө, белгисиз дүйнө) менен байланышта болот окшойбуз, бул акын-жазуучулардын эңги-деңги жүрүм-турумунан, мүнөзүнөн да айкын сезилип турат. Бул дүйнөнү тикеден-тике башыбыздан кечиребиз, тиги дүйнөнү жок дегенде эле кыял-фантазиябыз аркылуу боолголоп билебиз, элес-булас көз алдыбызга келтире алабыз, ал эми үчүнчү дүйнө биз үчүн таптакыр туңгуюк, белгисиз. Ошондуктан поэтикалык ой үчүнчү дүйнөдөн, белгисиз дүйнөдөн жаралса керек деген бүтүмгө келүүгө аргасыз болом, дааналап айтканда, белгисиздик жана Кайыптан бүткөн нерсе дегенибиз – булар поэтикалык ойбу деп боолголойм. Кайыптан бүткөн керемет болгон соң, поэ­тикалык ой улам-улам кубулуп, мөлтүлдөп, оңойлук менен карматпайт экен, бирок адам болгондон кийин акылың мененби, жүрөгүң мененби, айтор, аны туюуга милдеткер экенсиң. Бизди дал ушул поэтикалык ой белгисиз дүйнөдөн жаралып, Кайыптан бүткөндөй туюлган керемет ой толкутат тура. (Поэтикалык ой демекчи, мен муну даанараак ачып берүү максатында бир аз чегинүү жасай кетейин. Кийинчерээк поэзиябызда далай жаркын чыгармалар жаралды, жа­ралып да жатат. Мен алардын ичинен Омор Султановдун «Чарчоонун жүзүнчү ыры» аттуу ырлар түрмөгүн бөлүп көрсөткүм келет. Түрмөктүн поэтикалык сыры көптүр, бирок ал мени, баарыдан мурун, өзүнүн поэтикалык метафорасы менен титиретти. Аталган түрмөк да адам аттуунун адамдык трагедиясы жөнүндө кыйытат жана ал башкачараак өңүттөн каралат. Адамдын шору, трагедиясы – бул анын өлө тургандыгында эмес экен (туулдуң – өлдүң да), а анын мындан өткөн быкыйында – чарчай тургандыгында тура. Жөнөкөй эле чарчай тургандыгында эмес, жакшылыктан, ырыс-дөөлөттөн да чарчай тургандыгында экен. Анан аргаң түгөнүп, бу адамың неге тоёт, нени жактырат, деги бу адамда аң-сезим барбы дейсиң, акырында бу адамың неге мынча шорлуу (?) дейсиң. Ошентип жүрүп-жүрүп отуруп, бу жолу да өзүбүздүн нурк-насилибизге урунабыз: канткенде жок дегенде жакшы­лыктан чарчабоого кудуретибиз жетип (адам болгон соң, Кудай берген мээ, ак-караны ылгай ала турган акылың болгон соң, ушу болбогон нерсе колуңдан оңой эле келбейт беле!), адамдык нарк-насилди (адамдын көздөгөнү, зарлап тилегени жакшылык го, анан андан неге чарчайбыз, баарыдан да, чарчап кайда барабыз?!) сактап калабыз дейсиң...).

Ошентип, бир ырга карата жаманбы-жакшыбы, жеке пикиримди айттым. Айткандарымдын баары туура деп эч кимге таңуулагым келбейт, минтүүгө акым да жок. Бир гана айтарым, «Жибек кийген эрке кыздын» келечеги али алдыда, болочоктогу адабиятчы-эстетиктер бул ырга өздөрүнүн, өз заманынын көзү менен карашып, Алыкул айтууга ниеттенбеген, бирок ырда капысынан эле айтылып калган дагы далай сырларды чубап чыгаар. Анда аларга ак жол тилейли...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер