Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус илдетине витаминдердин кандай пайдасы бар?

Коронавирус илдетине витаминдердин кандай пайдасы бар?

30-ноябрь, 16:37
868 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Иммунитет мыкты болуш үчүн организмге керектүү минералдар жана витаминдердин толуктугу абдан маанилүү. Ал арада булардын “Covid-19” оорусуна канчалык таасир эте тургандыгы боюнча бир канча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Өзгөчө Д витамини боюнча бир канча изилдөөлөрдү байкоого болот.

Илимий изилдөөлөр боюнча: Д витаминин алган коронавирус менен ооруган элүү адамдын ичинен бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми Д витаминин албаган коронавирус менен ооруган элүү адамдын баары тең жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылат.

Ал эми методикалык изилдөөлөр боюнча кандай?

Мында: диабет оорусу менен ооругандардын ичинен Д витаминин алгандардын алты пайызы тобокелдик тобуна кирсе, Д витаминин албагандардан он тогуз пайыз катталган. Ошондой эле жогорку кан басымы барлар Д витаминин алуу менен жыйырма төрт пайыз тобокелдик тобуна кабылса, албаган бейтаптардын элүү жети пайызы тобокелдик тобуна кабылган.

Ал арада “Covid-19” менен ооругандардын арасында кант диабети бар адамдар вирусту оор көтөрүп жаткандыгы ар дайым айтылып келет. Демек, мында Д витаминдин пайдасы канчалык экендигин төмөнкү изилдөөлөрдүн жыйынтыгынан чыгарып койсоңуз болот.

Учурда эки ажырым ойлор айтылып жаткан кез. Айрым адистер Д витамини коронавирус оорусу үчүн анчалык деле мааниге ээ эмес деп айтып келсе, айрымдары анын абдан маанилүү экендигине токтолушууда. Ага утурлай туура тамактануу дагы башкы ролдо тургандыгы айтылат. Эң жакшысы, организмге керектүү витаминдерди жана минералдарды табигый азыктар менен толтурган жакшы. Өзгөчө пайдалуу жашылча жана мөмө-жемиштерди көп колдонуңуз.

Адистер адамдар ашыкча салмактан улам көпчүлүгү диабет оорусуна чалдыгып жаткандыгын белгилешет. Бул жерде сиз канчалык Д витаминин организмге керектеп жаткандыгыңыз дагы маанилүү. Анткени организмдеги кальцийлер бир гана Д витамини жетиштүү болгондо гана сиңимдүүлүгү жогору болот.

Улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдар витамин кошулмаларын керектүү өлчөмдө колдонуп тургандары дурус. Өзгөчө жаш өткөн сайын организмде витаминдердин жетишсиздиги байкалат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер