Акылбек Жапаров асмандан түштүбү?
Канадалык “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталды. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтты.
Экологиялык зыянды болушунча тартып, алтындын запасы аз калганда канча жылдардан бери бийлик бутагында жүргөн Акылбек Жапаров Кумтөр тууралуу үн катты. Асмандан түштүбү?
“Кендеги запастар Кыргызстандын менчиги экенин тастыктаган мыйзам долбоору жакынкы убакта кабыл алынарынан үмүт кылам. Буга чейин президенттер, өкмөт башчылар Кумтөрдөгү, Жерүйдөгү жана башка кендердеги алтынды сатып келишкен. Депутаттар тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссия биринчи жолу “Кумтөр Голд Компани” ишканасын Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар доого жыкты. Буга кошумча мамлекеттин менчигине 160 тоннадан ашык алтынды кайтардык. Бул алтынды жакынкы 5-10 жылда казууга болот. 160 тонна алтындын суммасы болжол менен 5 млрд. 200 млн. сомдон ашык каражатты түзөт. Биздин бул ишканадан өндүрө турган акчанын жыйынтыктоочу суммасы 10 млрд. долларга жакын. Муну мыйзамдарга ылайык далилдей алабыз. Биздин адистердин баалоосу боюнча, жыл ичинде техникалык долбоорду жазып, андан кийин алгачкы алтынды каза баштаса болот” деди Акылбек Жапаров.