Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжан байлыгына чиренип, Кыял бийлигине таянып, КТРКдан кыжыр кайната беришеби?..

Гүлжан байлыгына чиренип, Кыял бийлигине таянып, КТРКдан кыжыр кайната беришеби?..

13-февраль, 23:40
5 276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кара жашик” атка конгон КТРК жаңылыктарды алып баруучу диктордон багы ачылбады. Ыраматылык Мелис Эшимканов КТРге президент болуп барганда, “ондойм” деп бир топ жигердүү иштерди жасап, жакшыртууга аракет кылган. Ошондо ал “Гүлжан Кулмамбетова каткалаң үнсүз тыбыштарга басымды туура эмес коюп, кыргыз тилин бузуп сүйлөйт экен, муну эфирге чыгарбаш керек” деп маселени кабыргасынан койгон тура. 

Гүлжан көзүнүн жашын көлдөтүп, арызданып барганбы, иши кылып, Аскар Салымбеков бул кабарды угуп-укпай Эшимкановго жетип барып, алып калган жайы бар. Байбачанын “көрөр көзү” болуп жүргөн Гүлжан ошондон бери экрандан түшө элек, себеби, ар бир жаңы жетекчи келген сайын Асакең көтөрүнчөгүн көтөрүнүп алып, жолугары аңызга айланып кеткен. Ал эми кыргыз көрөрмандары Гүлжандын үнүн укканда итиркейи келишип, аны көргөндө аллергия боло баштаганы ырас. Кыязы, КТРК элдин пикири менен деле эсептешпейт окшойт. 

Эл Гүлжандан кутула албай жатса, эми Кыял Шаршеева үнүн “корулдатып” кайра пайда болду. (Эри Кайрат Иманалиев кызматка көтөрүлгөнү). Себеби, “чала ачыган камырдай болуп, качан кабинетине кирсең үргүлөп отурат, деги бул иштейби?” деп артисттерди нааразы кылып жүргөн Кайрат Иманалиев маданият министрлигин минди. Ага кошомат кылыш үчүнбү, КТРКнын мурдагы жетекчилиги эбак эле “дикторлукка жарабайт” деп “утилге” чыгарган Кыял Шаршееваны кайрадан жаңылыктарды алып бардырып койду. Бул эмне деген жорук? Экөө эле жулуна бербей, жаштарга орун беришпейби? Картайып да бүтүштү. Же Шырдакбектин Эркайымындай болуп эле чалчактай беришеби? Кыргызда “сары карын” дейт, булардан башка диктор кыз-келиндер жокпу? Маңдайынан жылдызы жанган, айчырайлуу, мукам үндүү, таланттуу кыздар көп го, аттиң!.. 

Гүлжан байлыгына чиренип, Кыял бийлигине таянып жол бошотпой, экрандан тырмышып кетпей жатышса, аларга кезек тиймек беле? Бул эки диктор академик А.Акматалиевдин “илимпоздорду даярдоочу фабрикасынан” чыккан эмеспи. Аскар Салымбеков менен Кайрат Иманалиев жолун жасап, мурда эле эки “кермекашты” илим кандидаттары кылып коюшкан. “Анда илим менен алектенип, пайдалуу иш кылышпайбы? Экрандан элди тажатпай” деген ой аргасыздан келет экен. Бирок, бир сүйлөмдү тыңгылыктуу жаза албаган куураткырларды эл кайдан билсин?..

Жыйынтыгында, КТРК жетекчилиги дикторлукка конкурс уюштуруп, таланттуу жаштарды, жаңы жүздөрдү алып чыгышабы, же Гүлжан менен Кыялды карап отура беришеби?.. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер