Коронавирус жайылууда, дагы беш адамдын өмүрүн алды
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Талас облусунун, бирөө Баткен облусунун жана дагы бирөө Бишкек шаарынын тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1182 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 571 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында.
Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 63 390 кишиге жетти.
Бир күндө 406 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3457 адам жатат, дагы 3737 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3649га жетти, алардын 3436сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.