Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны өсүүдө

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны өсүүдө

26-ноябрь, 09:09
1 920 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси чоң көйгөй бойдон калып жатканын мамлекет башчысы четке какпайт. 

Үстүбүздөгү 2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук катталды. Анын арасында 3647си денеге залал келтирүү, 1362си психологиялык басым, 168и тоготпостук, жетөө сексуалдык мүнөздө.

Ички иштер органдары бир жылда зомбулукка байланыштуу 5185 учурга ордер берген. Анын 4876сы (94,1%) эркектерге, 309у (5,9%) аялдарга туура келет.

Кыргызстан 1994-жылдан бери кыз-келиндердин укугуна байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар конвенцияларын ратификациялаган.

Үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдардын саны 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

2017-жылы "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган.

Кылмыштар менен жоруктар кодексинин 75-беренесине («Үй-бүлөдөгү зомбулук») ылайык, өкүмзорлук кылган киши 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айыппул төлөшү же эки айга түзөтүү иштерине, 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышы керек.

Бирок, тилекке каршы мыйзамды катуулаган сайын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын саны азайган жок.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер