Полковник Жеңиш Абитов Бишкек ШИИБни татыктуу жетектеп, ишенимди актайт эле

Полковник Жеңиш Абитов кыска аралыкта Жалал-Абад ОИИБсин жөнгө салып, коомдук-коопсуздук абалды чыңдап, элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп окуучуларын билимге, өнөргө шыктандырган форумдарды өткөрүп, жаш муунга жашыл жарык жаккандай иштерди жасоодо. О.э. эртеден кечке тынымы жок иштеп, райондорду кыдыруу, милициянын кем-карчын чечүү, элдин арыз муңун угуу сыяктуу түйшүктөр менен алек. Заман талабына жараша санариптештирүү, чарбачылык жумуштарды жүзөгө ашыруу өз ыргагы менен кетүүдө.
Биз мурда билгендей, башта Жалал-Абад облусунда чыр-чатак, митинг, пикеттер байма-бай өтүп, элдин нааразычылыгы жергиликтүү бийликке айтылып келген. Өзгөчө укук коргоо органдарына коомчулуктун карама-каршылын байкачубуз. Башынан эл менен милициянын ажырымы бар эле. Азырчы? Учурда абал таптакыр башка. Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңиш Абитов ишке киришкени коомдук абал кескин түрдө өзгөрүп, баардык иштер мыйзамдын алкагында каралууга, адилеттүүлүктү камсыздоого, укуктук абалды чыңдоого батыл аракеттер көрүлүүдө. Жарым жылга жетпеген аралыкта Жалал-Абаддан ушундай жылуулукту байкай алдык.
Акыркы кезде ИИМдин ишине анализ кылган эксперттердин баамында, Жеңиш Абитов Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалса, “жарк” эткен өзгөрүүлөргө кадам ташталары айтылууда. Эң ириде өздүк курамдын түшүп кеткен аброю, духу көтөрүлөт. Буга чейин жума сайын милиция кызматкерлери пара менен кармалып келишсе, мындай жагымсыз көрүнүштү токтотууга чечкиндүү аракеттер жасалмак. Милициянын таза иштөөсүнө талаптар коюлуп, ошого жараша өздүк курамды коргоо вазыйпасы да аткарылары айкын эмеспи. Баардык кыйчалыш иштерди чечсе болот. Эң ириде жетекчи иштин көзүн таба билүүсү керек. Чын эле Жеңиш Абитов Бишкек ШИИБни жетектеп калса, анда кылмыштуулукка курч маанайда күрөш жарыяланып, милицияны тоготпой калган ОПГлар кынга кирип, дээрлик шаардыктарга тынч, бейпил жашоо камсыздалмакчы. Негизинен Бишкек ШИИБнин оркойгон катачылыктары алгачкы күндөн тарта оңоло баштамак. Биз милицияны кризистен чыгара турган реалдуу кадрды сунуштаган кербезибиз. Эртеби-кечпи божомолубуз ишке ашып, туура анализ жасалмакчы...