Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Университетти артка тарткан ректор Канат Садыковго чара көрүлөбү?

Университетти артка тарткан ректор Канат Садыковго чара көрүлөбү?

22-март, 12:10
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич! 

Өлкөбүздүн сыймыгы болгон окуу жайлардын флагманы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин азыркы абалы абдан жаман. Канат Садыков ректор болуп келгенден бери материалдык-техникалык базасы, билим берүүнүн сапаты, илимий иштер ого бетер артка кетти. Эмгек жамаатында чыр-чатактар көп, факультеттерде, колледждерде, алтургай окуу жайдын китепканасында да конфликттер болуп, комиссиялар териштирип жатышат. Ректор Канат Садыков болсо “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деп эч кандай чара көрбөй, арыздарды карабай отурат. Себеби, Канат Садыков өзү таза эмес. 

Ал билим берүү министри болуп турганда окуу китептеринин гранттары (миллиондогон сомдор) боюнча да көп ызы-чуу болгон. Канат Садыков университетке келгенден кийин акча “кымырмай” адатын улантканы эмнеси? Иш кылбаганы сындалууда. Окуу корпустарын ремонт жүргүзүмүш болуп, ал боюнча өткөн тендерлердин тегерегинде да миллиондогон сомдор айланууда. Анын мыйзамсыз иштери боюнча буга чейин эмгек жамааты башкы прокурор К.Зулушевге, УКМК төрагасы К.Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Ал кайрылуунун негизинде прокуратурадан келип университеттин каржы, чарбалык иштери текшерилүүдө. Биз буга кошумча катары төмөнкүлөргө токтолмокпуз.

Ректор Канат Садыков окумуштуулар кеңешинде “13-айлыктын жарымын эркектерге 23-февралда, аялдарга 8-мартка кошуп берем” деп айткан. Бирок, бул сөзү ишке ашкан жок, айлыкка бир тыйын кошкон жок. Бул акчалар каякка кеткени белгисиз. Ал ректор болуп келген төрт жылдан бери эмгек акы көбөйтүлгөн эмес. Азыр улуттук университеттин окутуучулары мектептин мугалимдеринен аз айлык алышат. Анан кайдан окуунун сапаты болот? Ал эми кышында 2-8-окуу имараттары иштеген эмес, жылуулук, жарык жана башка коммуналдык кызматтардан үнөмдөлгөн акча каражаттары каякка жумшалган? Сегизинчи окуу имараты кароосуз калып, эшик-терезелери талкаланып, ичиндеги жабдыктар таланып-тонолгон, окуу имараты пайдаланууга жараксыз абалга келген. Студенттердин контрагынан, гранттардан, арендадан жана башка булактардан түшүп жаткан каражаттар кай жакка жумшалууда? Университетте айлык ар дайым кечиктирилип, ар бир айдын жети-сегизине чейин созулуп берилет. Андан түшкөн дивиденддер кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Мурда үч миң доллар төлөп окуган чет өлкөлүк студенттер азыр эмне үчүн болгону миң доллар төлөп окуп жатышат? Ортодогу айырма кимдин чөнтөгүнө түшүүдө? 

Канат Садыков ректор болуп келгенден баштап №11 жатаканада студенттер үчүн аренда акы 12 айдан 8 айга кыскартылган, бул боюнча иш козголуп, выемка кылган иш кагаздарынын негизинде мыйзам бузуу фактысы такталып, 2018-жылы кассага 3 миллиондон ашык акча түшпөй калганы кандай? Бул кылмыш иши финпол тарабынан текшерилип, Канат Садыков тергөөчүлөрдүн алкымын майлап атып, кылмыш иши аягына чыкпай калганы ачыкталабы?

 Эң кейиштүүсү, ректор Канат Садыковдун мыйзамсыз иштери боюнча эмгек жамаатынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган комиссия түзүлүп, алар келип текшеришип, баардык кемчиликтердин бетин ачып, такташып, 2019-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда карашып, чечим кабыл алышып, өкмөткө “финансылык-административдик мүнөздөгү мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун жетекчилигинин жоопкерчилиги каралсын” деген сунуштама берилген. Тилекке каршы, ал кездеги өкмөттүн шалаакылыгынан бул маселе каралбай калган. 

 Илимде өзүнүн орду жок, министр болуп иштеп турганда күмөндүү иштерге аралашкан мындай жоопкерчиликсиз ректорду өлкөнү жарга тарткан А.Атамбаев алып келген. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! 

Төрт жылдан бери улуттук университетти артка тартып, сазга батырган жоопкерчиликсиз ректорго чара көрүп, университетке көз кырыңызды салып, кам көрүүңүздү көптөн-көп өтүнөм.


Сизге ызаат көрсөтүү менен, 

Абдимиталип Айтбаев, философия илимдеринин доктору, профессор 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер