Үйдөн чыгып кеттим, күйөөм бир кабар алганга жараган жок


Турмушка чыкканыма эки жылдан ашты. Бир балам бар. Азыр дагы кош бойлуумун. Бирок менин тагдырымда сүйүү менен бакыттын ордуна муздак сөздөр, оор санаа, кыйноо гана өкүм сүрүүдө.
Бир жылдан ашык убакыттан бери күйөөм таптакыр өзгөрүп, кемсинтип, орой сүйлөп, кези келе калса колу да тийет. Бул кылыктарына да чыдай берет белем, бирок анын башка аял менен мамилесин укканда “селт” эттим. Бул биринчи жолу эмес… Мурда да ушундай болгон, ошондо да уруш, көз жаш, ызы-чуу коштолгон жашообуз уланып, андан кол үзгөн. Ал эми бул жолу баары башкача. Кош бойлуу экениме карабай, ал мени катуу сабап салды. “Сени өлтүрүп эле кутулат окшойм” деп зөөкүрлөндү.
Өзүмдүн ушунчалык басмырланып, тебеленип жатканымды терең сезип, үйдөн чыгып кеттим. Бир жума өтсө да күйөөм, кайненем да бир кабар алганга жарашкан жок. Менден ушунчалык кутула албай жүрүшкөнү эми мээме жетти. “Бул сыноону жеңип чыкканга Жараткан күч бере көр” деп жалынып, белимди бекем буудум...
Акылай
"Азия Ньюс" гезити











