Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Жумалиевдин актанганы эсиңердеби? Эми куран уруп кетпейби?

Кубанычбек Жумалиевдин актанганы эсиңердеби? Эми куран уруп кетпейби?

15-апрель, 19:04
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бир Бол” фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекеттин, элдин ырыскысын жебегенин айтып, куран алып карганганы жамы журтка маалым. Ал ошондон бери талкуудан түшпөй, УКМК февраль айынын башында камакка алып, ондогон объектилерин, үй мүлктөрүн ачыктап, жер жайнаган байлыктарын тизип салган. Эки айдай камакта жаткан Жумалиев акыры тергөө менен кызматташып, 1 миллиард сом мамлекеттин казынасына төгүп берди. Үй камагына чыкты. Бул көрүнүштөн улам эмнени түшүнөбүз? Анын айыптуу экенине, мамлекеттин эсебинен жеп-ичкенине көзүбүз жеттиби? Эмне үчүн Жумалиев күчтүү адвокаттарды жалдап, ак экенин далилдөөгө батынган жок? Сыягы, тергөөдө көп былыгы чыгып, буйтап кете албай калдыбы? Түшүнүксүз суроолор арбын. Иш жүзүндө күнөөлөрүн моюндап жатканы ушулбу? Айтмакчы, Жумалиевдин куран кармап актанып, карганганын кантебиз? Уруп кетпейби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер