Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиясбек Алымкулов, Эл баатыры: “Шылуундар бийликке келишип, кара ниет пландарын ишке ашырышкан...”

Алиясбек Алымкулов, Эл баатыры: “Шылуундар бийликке келишип, кара ниет пландарын ишке ашырышкан...”

26-август, 09:34
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери инвестиция тартышпаса, көрүнүктүү эмгектери болбосо, аларды мамлекет качанкыга чейин эркелетип отурат? Баа берүүгө мезгил келдиби? Эмне үчүн профессионалдарды көрө албайбыз?..

-- Эң биринчи биз эгемен жана укуктук өлкө болгон соң Конституциянын, мыйзамдардын негизинде иштеп, жашап келебиз. Тийешелүү жобого ылайык чет өлкөдөгү элчиликке жана элчиге жүктөлгөн атайын милдеттер бар. Алардын негизгиси – бул барган чет мамлекет менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясый багытын жүргүзүү. Эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн жана башка кызыкчылыктарын коргоону дипломатиялык каражаттар менен камсыз кылуу. Кыргызстандын экономикалык жана социалдык саясатын жүргүзүүгө көмөктөшүү. Ал эми түздөн-түз инвестиция тартуу милдети Кыргыз Республикасынын президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигине жүктөлгөн. Бирок чет өлкөдөгү элчиликтерге дагы инвестиция тартуу боюнча тапшырмалар берилген. Тышкы иштер министрлиги ар бир квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы менен жыл сайын ар бир элчиликке бекитилген тартипте баа берип, жыйынтык чыгарып турат. «Канааттандырарлык эмес» деген баага ээ болгон элчилер чакыртылып алынып, кызматынан четтетилет. Бирок канчалык адилеттүү жана эч кимге жан тартпаган баа берүү тышкы иштер министрлигинин колунда.

-- Алиясбек мырза, сөздү элдик толкундоолорго буралы. Жыл өткөн сайын 7-апрелдеги революциянын мааниси кетип жатабы? Эмнеге келген бийлик мурунку революцияга анча маани бергиси келбейт?

-- 7-апрелдин мааниси кеткен жок деп ойлойм. Бул окуяны кыргыз эли, айрыкча окуяга катышкандар, жакындарын жоготкондор, жетим-жесирлер түбөлүк эсинен кетирбейт. Себеби, көпчүлүк карапайым эл үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун канга боёлгон, коррупцияга малынган режимин кулатканы чыгышкан. Алар Ата-Бейитке барып куран окуган сайын жандүйнөсү козголуп, көздөрүнөн жаш айланып турат. Ал эми Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдор ошол каргашалуу окуянын артынан бийликке келишкен. Ошондуктан 7-апрелди мамлекеттик деңгээлде белгилешчү. Менимче. 7-апрелдин маанисин, татыктуу ордун келечекте тарых өзү тактайт.

-- Бакиевдин бийлигин кулаткандар өздөрүн “Апрель баатыры атап алышты (!) деген ойлорун айтышат. Ар бир революциянын баатырлары эске алынышы керекпи же маани берилбей эле койгону оңбу?

 -Албетте, сөзсүз эске алынышы керек, себеби 17-марттагы Аксы окуясы, 24-марттагы жана 7-апрелдеги революция, 5-октябрдагы окуялар жөн жерден болгон жок. Чыдамкай элибиздин чыдамы, сабыры түгөнүп, башка айла калбай калганда гана баштарын сайып, мамлекеттин, элдин канын соргон, тоногон, элге кызмат кылгандын ордуна “көпчүлүккө кожоюндук кылабыз дегендерге каршы чыккандарды, курман болгондорду унутта калтырбашыбыз зарыл. Ошол окуяларда элдин ишенимин аманат катары алып, бирок аманатка кыянат жасаган көрүнүштөр келечекте кайталанбашы үчүн ар дайым эскерип, жаштардын эсине салып, аларды туура жолго үндөп туруш керек деп эсептейм. 

-- Кыргызстан бир эмес, үч революцияны башынан кечирди. Максатына жеттиби? 24-март, 7-апрель, Октябрь революциясы Кыргызстанга эмне берди?       

-- Сиз айткан үч революция максатына толук жетпесе дагы, азыркы жана келечек муундарга эскертүү катары, бийликке келгендер милдетин так аткарбаса аягы эмне менен бүтөрүн, добушун саткан кайдыгерлик мамиле кийин каргашалуу окуяларга алып барарын эстерине салып турат да. Ал эми элге, саясый күрөштөргө келсек, ажонун же депутаттардын шайлоосу болобу, сөзсүз катышып, добушун сатпастан өтө жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасап, кылдаттык жана кыраакылык менен тандоо жасашы абдан маанилүү экенин тастыктап турат деп эсептейм. 

-- Эмнеге биз революцияны аң-сезимге жасоого ашыкпайбыз, же бийликти эңсеген күчтөргө кандын төгүлүшү да маанисиз болуп калабы? Ок атышуу, кан төгүлүү башыбыздан өттү го?..

-- Сөзсүз революция кылуу шарт эмес, бул аргасыздыктан чыккан нерсе. Мамлекетти, анын байлыктарын менчигиндей колдонгон, коррупцияга малынган, үй бүлөлүк-кландык башкарууга жол бергендер бийлигинен кол жуугусу келишпей, нааразы болуп, каршы чыккандарга ок атып кан төгүшкөн. Стакем айткандай, “адамды бийлик бузбайт, бузулган адамдар бийликке умтулушат”. Элибиз аң-сезимине революция жасагыча, шылуундар бийликке келишип, өздөрүнүн кара ниет пландарын ишке ашырганга жетишишкен, алар көпчүлүк элдин ишенчээктигинен пайдаланышкан...

Элибиздин айрым бөлүгү байыркы акылмандык, даанышмандык, акыйкаттык сапатынан тайышып, бириккендин ордуна бириндеп, уруу-урууга, түндүк-түштүккө бөлүнүшүп, бийликке жагалданышып, балдарын, жакындарын кызматка тургузушуп, алардын коррупциялык иштерине көз жумушуп, кайдыгерлик кылып жүрүшүп, үч революцияга себепкер болушту (!) десем жаңылышпайм. 

Азыркы күндө мамлекетибизге Манас атабыздыкындай айкөлдүк, Бакай атабыздыкындай даанышмандык, Чубак атабыздыкындай акыйкаттык абадай керек болууда...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер