Акыркы кабарлар
» Коом » Вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны бир топ көппү?
Вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны бир топ көппү?
06-июль, 13:39
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, учурда өпкө кагынуудан (пневмония) жабыркаган эки миңге жакын киши Кыргызстандын ооруканаларында дарыланып жатышат. Алардын дээрлик баарынын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан.
Пневмония менен оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптардын саны 100гө жакын.
Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.
Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.