Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Өз мекенибизден 700 миң сом менен эмне иш баштасак болот?
Өз мекенибизден 700 миң сом менен эмне иш баштасак болот?
14-декабрь, 09:00

Киреше таба турган бизнес керек болуп турат. Акчаны жок кылып алыштан коркуп, бирок оюбузга бир жакшы бизнес келбей жатат. “Авиабилет саткан касса ачсак кандай болот? Жол-жобосун билип алалы” деп тааныштардан сурасак, эч ким ачылып айтпай койду. Биз өзүбүз Москвада болгон үчүн “бар акчаны алып барып, жок кылып албайлы” деп жатабыз. Же... “жерибиз бар, ошол жакка үй салып келе берсекпи?” дейбиз. Кайра “качанга чейин мусапыр болуп жүрөбүз?” деп ойлонобуз.
Өз мекенибизде иштеп бутубузга турсак болор бекен?..
Бектеновдордун үй-бүлөсү, Москва шаары
"Азия Ньюс" гезити