Акыркы кабарлар
» Коом » Афган качкындары түшкөн учактын салонунун сүрөтү жарыяланды
Афган качкындары түшкөн учактын салонунун сүрөтү жарыяланды
17-август, 12:15

Америкалык транспорт учагынын салонунан тартылган сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды. Бул тууралуу Пентагондун басма сөз ассоциациясынын вице-президенти Маркус Вайсгербер Тwitter баракчасына жүктөгөн.
Бул кадр 15-августта кечинде тартылып алынганы айтылууда. Сүрөттөн Афганистандан АКШга учуп чыккан учактын салонунда отурган жыкжыйма адамдарды көрүүгө болот. Адегенде учактын бортуна мынча адамды алуу пландалбаганын, бирок өлкөдөн кетүүнү көздөгөндөрдүн саны ушунчалык көптүгүнөн аларды токтото албай калышканы маалымдалды.
Вайсгербер жазгандай, салондун ичине 640тай качкын отурган.