Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Купуева: «Балдарыбыз билим аркылуу максаттарын ишке ашырып, дүйнөнү тааныйт»

Асел Купуева: «Балдарыбыз билим аркылуу максаттарын ишке ашырып, дүйнөнү тааныйт»

18-ноябрь, 19:23
1 670 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарындагы Купуев академиясынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Асел, сиз көп жылдар бою чет өлкөдө билим алып, ийгиликтүү иштеп жүрүптүрсүз. Эмнеге Кыргызстанга келип, билим берүү тармагына инвестиция жасоону чечтиңиз?

-- Kupuev.Academy – Ош шаарында жайгашкан прогрессивдүү жеке мектеп. Мектепти мен жана иним Мирсаид Купуев экөөбүз ачканбыз. Ооба, биз иним экөөбүз америкалык топ университеттерде билим алып, көп убакыт бою чет өлкөдө иштеп, тажрыйба жана каражат топтоп келип, чогулткан акчабызды мектептин курулушуна салганбыз. Бул үчүн биз эч качан өкүнбөйбүз жана туура кылганбыз деп эсептейбиз. Өзүбүз салган жеке инвестиция көлөмү 1,3 миллион АКШ доллары. Максатыбыз – Кыргызстандын мектептик билим берүү сапатын арттыруу. Анткени билимге инвестиция кылуу экономиканын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө эң чоң салым болуп эсептелет. 

-- Эмнеге мектеп ачтыңыз? Мындай билимиңиз, каражатыңыз менен башка тармакта дагы ийгилик жарата алмаксыз да?

-- Эмне үчүн мектеп? Менимче, бул бир жагынан адамдарга жакшылык кылуу, экинчи жагынан туруктуу бизнести түзүүгө шарт түзөт. Себеби, биздин академияда билим алган балдар ар дайым бул жактагы жакшы нерселерди эстеп, алган билимин ар кайсы тармактарда колдонушат. Бул балким, бир убакта биздин жакшы билим алганыбыздан улам да болсо керек. Билим аркылуу биз дүйнөнү тааныдык, максаттарыбызды ишке ашыра алдык, Кыргызстандын жаштарына дагы ушундай мүмкүнчүлүктү тартуулагыбыз келди. Мындан тышкары, атам да өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенгендиктен, анын жолун уланткыбыз келди. 

-- Академия ири өлчөмдө инвестиция тартканга жетишти, ушундай экономикалык оор кырдаалда билим берүүгө инвестиция тартуу оор болдубу? 

-- Купуев академиясы AV Ventures (Вашингтон, АКШ) инвестициялык компанияларынан 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартты. Биздин академия эл аралык институционалдык инвесторлордон каражат тарткан Кыргызстандагы алгачкы жеке мектеп. Купуев академиясынын жалпы каржылоо көлөмү ушу тапта 2,8 миллион АКШ долларын түздү, анын 1,5 миллиону институционалдык инвесторлордон тартылган каражат.

Мектептин инновациялык окутуу программасына болгон суроо-талапты эске алуу менен AV Ventures’тан тартылган ийкемдүү узак мөөнөттүү каражат Купуев академиясынын экинчи кампусун курууга мүмүкүнчүлүк берет. Жаңы имараттын эсебинен мектептин сыйымдуулугу 600 окуучуга чейин жетет. Жаңы кампустун ачылышы 2022-жылдын соңуна пландалууда. Азыр технологиянын заманы, биздин балдар – Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн балдары. Аларга сөзсүз түрдө татыктуу билим берип, инвестиция кылышыбыз керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер