Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурказы Батырбеков: “Мектепти бүтүргөндөр өлкөгө гепатит В дартына каршы вакцина алып берсек"

Нурказы Батырбеков: “Мектепти бүтүргөндөр өлкөгө гепатит В дартына каршы вакцина алып берсек"

20-февраль, 22:02
2 492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык активист Нурказы Батырбеков мектепти бүткөнүнө 10-20-30 жыл болгон бүтүрүүчүлөргө жалпы кайрылып, гепатит В дартына каршы вакцинаны алып берүү керектигин сунуштап жатат. Ал эки жылдан бери гепатит В дартына каршы вакцинаны сурап, саламаттык сактоо министрлигине кайрылып келет. Анын билдиришинче, бул жаатта каржы тартыштыгынан маселе чечилбей жатат.

“Урматтуу мекендештер, быйыл мектепти бүтүп, уядан учканыбызга кээ бирибизге 10 жыл болсо, кай бирибизге 20-30 жыл болду. Азыркы учурда социалдык тармактар аркылуу боор алмаштыруучу аппарат алып берүү боюнча ар кандай маалыматтар таркап жатат. Ооба, бул суроо мамлекеттик деңгээлде чечиле турган орчундуу маселе. Ал эми менин мекендештериме кайрылуу иретинде сунушум бар эле. Бардык бүтүрүүчүлөр топтолуп, гепатит В дартына каршы вакцинаны кыргыз элибизге алып берсек жакшы болмок. Баарыбыз бир тегерек үстөлдө отуруп, кеңешели. Мен силерден колдоо күтөм!” деп билдирди Батырбеков. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер