Кызматкерлери камалып атса, Биринчи Май РИИБ начальниги Тилек Тюкебаевге баа берилсин!

“Кой терисин жамынган карышкырлар” деген лакап бекер жерден чыккан эмес. Мындайлар милиция ичинде арбын. Маселен, аз күн мурун Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү менен участковыйы алдамчылыкка шектелген адамды СИЗОдон жашыруун чыгарышып, банктан 120 миң доллар алышына көмөктөшкөн. (Экөө чотур катары 10 миң доллар кымырышканбы?). “Кыңыр иш кырк жылда” эмес, алеки саатта билинип калган заманда жашап жатпайбызбы. Тергөөчү менен участковый көпкө узабай кармалышты. Ушундай ыплас ишке белчесинен батышса, анан кайсы ишенимди айтабыз? Мындай шартта Биринчи Май РИИБнин начальниги Тилек Тюкебаев токтоосуз түрдө кызматынан кетиши керек эле. Тилекке каршы, креслосунда тырмышып отурат. “Балык башынан сасыйт” деп бекер жерден айтылбайт эмеспи. Башчысы жаза тайса, коллективинен бузукулар чыга бергени ушулбу? Эске салсак, Тилек Тюкебаев көлдө иштеп жүргөндө да пара алууга шектелип, кызматынан кеткенин кантебиз? “Эски пластинканы” артка түрдүрүп көрсөңөр...
"Азия Ньюс" гезити