ККМ алешемдиги бүтүп, Шакиевдин “шайтаны” козуп турабы?


Кызык да. ККМди иш жүзүнө ашырууга салыкчылар даяр болбой, 1-июлга чейин соодагерлер патент менен иштемей болушту. Өлкөдөгү дээрлик баардык базарлар көтөрүлүп, бул чууну басууга Садыр Жапаров аралашып, Дордойдогу жолугушууга барды. Көпчүлүктүн талабы орундалды. Эки жылдан бери Акылбек Жапаров ККМди орнотууга алышып жатып, акыры иши жараксыз болуп калганына кандай баа берилет? Реалдуу алкактан алганда, өкмөт отставкага кетиш керек эле. Бийликтин беделине катуу сокку урулду.
Дагы бир олуттуу маселеге келсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыгып, көпчүлүк катмардын кыжырына ойноп турат. Артында ким турганын, идеянын авторун так кесе айта албайбыз. Конкреттүү түрдө кимиси моюнга алганын уга элекпиз. Азырынча Нурланбек Шакиев менен Улан Примов демилгечилер экен. Жакшынакай желегибизди тикенек түрүнө айлантууга ашыгышып, “шайтандап” аткан кербездери. Элибиздин басымдуу бөлүгү соцтармактардан каршылык көрсөтүшүүдө. Бирок укпай жатышат. Адыраңдай беришип, аңга түшүп калышпайбы? Акырында 9-декабрда активисттер Бишкек шаарынын Горький паркында туубузду сактап калуу үчүн акция уюштурууга камынып калышты...
Кыскасы, коомчулуктун басымы аркылуу президентке кайрадан кайрылуу, талап кылуу жагдайы жаралчудай, ошентип, туубуз сакталып калышы мүмкүн. Себеби, Садыр Жапаров көпчүлүк менен эсептешерин билебиз. Элге алынган, татынакай көрүнүштөгү туубуздун түбөлүк калышы – туруктуулукту камсыздайт. Улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги баалуулуктарды баркташпай, улам бир шакиевдер келе калышып, билгениндей буза беришсе, келечегибиз кантет?










