Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Кадыралиев: “Кыргызстан эле эмес, Орто Азияда биздин окуу жай алдыга чыкты”

Алмаз Кадыралиев: “Кыргызстан эле эмес, Орто Азияда биздин окуу жай алдыга чыкты”

15-октябрь, 18:59
1 667 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин (КЭУ) ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Кадыралиев мырза менен жакындан тааныштык. Жаш болсо да бул окуу жайды заманбап илим, билим булагына айлантып коюптур. Мага жөнөкөйлүгү, оор басырыктуу мүнөзү, ишбилги жагы жакты.  

-- Алмаз мырза, илим-билимге умтулууңдун теги кайдан болду экен?

-- Кочкор айылында мектепти 2000-жылы бүтүп келдим. Апам өзү башынан эле окугула, окуу менен алек болгула, окуу менен жан багасыңар деп айтып келген. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, өз атаңыз Токтобек менен КЭУнун мурунку ректору Төлөбек Камчыбеков экөө бир тууганбы?

-- Раматылык атам КЭУнун мурунку ректору Төлөбек Камчыбековдун бир тууган иниси эле. Бу кишини деле “ата” дейм. 1995-жылы колледждин директору болуп келген. Ошондон бери замандын ыргагына жараша аз-аздан түптөп келип, мамлекет үчүн мамлекеттик университет макамына жеткирди. Менимче, Кыргызстанда жалгыз эле адам болсо керек, ушундай мамлекет үчүн жөнөкөй техникумдан эл аралык сапатка жооп берген жогорку окуу жайга айланткан.  

-- Билишимче, өзүң да КЭУну окугансың да?

-- Апам айылда бухгалтер болгондуктан кайсы бир иштерине жардам берип, эсеп-кысапка кызыгуу болгондуктан бул окуу жайдын бухгалтерлик жагына тапшырып, 2005-жылы бүттүм. Бир учурда англисче окуп, тил үйрөндүм, ушул эле окуу жайда сабак берип жүрдүм. 2009-жылы сынакка катышып, Чехияга аспирантура-докторантурага үч жылга кеттим. А жерде баардык окуулар англис тилинде жүрдү. Көп нерселерге көзүм ачылды. Келерим менен кандидаттык диссертациямды “Ордо калаада коомдук транспорт” темасында жактадым. Кайра Европага же Америкага кетүүнү ойлонуп жүргөм. Анан эле Төлөбек атам: “Университет сага жакшы эле жардам берди. Эми сен университетке жардам бер. Жакшы долбоорлоруң болсо иш жүзүнө ашыр” деди. Айткан күндөн баштап, көптөгөн долбоорлорду тартып, канчалаган компьютердик класстарды жаңырттык. Канчалаган мугалимдер Европага стажировкага барып келишти. Далай студенттерибиз чет элде окууларын өркүндөттү, азыр бул иш токтой элек.

-- КЭУга кандайча ректор болуп калдың?

-- 2019-жылы бизде ректорлук кызматка шайлоо болду. Башында беш талапкер чыктык, шайлоо боло турган күнү үчөөбүз калдык. Бу жерде айтып коюшум керек, кандайдыр бир ага-тууган, жек-жаат, админресурс же добуш сатып алуу сыяктуу жагдайлар өтпөйт. Азыр эч кимди коркута да, мажбурлай да албайсың, атаандаштыктын гана негизинде шайлоо өттү. Жамаат өздөрү мени ректорлук кызматка шайлады. Бир чети ушул окуу жайда артыкчылык менен окуп, андан кийин ишимди да ушул коллективде улантып келатканым чоң түрткү болду го. Экинчиси, тил билген жагым. Үчүнчүсү, талапкерлер арасында эл аралык тажрыйба жагынан менден башка эч ким жок болчу жана программам да жөн эле жомок эмес реалдуу ишке аша турган нерселерден куралды. 

-- Кечириңиз, ошол программаңыздан бир аз токтоло кетесизби?

-- Биринчи – окуу жайды эл аралык аккредитациядан өткөрүү, экинчиси – университеттин имиджин дагы жогорулатуу. Үчүнчүсү – чет элден студенттерди апкелүү, төртүнчүсү – илим изилдөө борборлорун түзүү, ж.б. илимий гранттарды тартуу, ошонун негизинде айлыктарыбыз да көтөрүлөт дегендей... 

-- Программаларың анан иш жүзүнө ашып атабы?

-- Биринчи ректорлук жылым пандемия менен башталып калды. Бирок, эл аралык тажрыйбам көп жардам берди. Жаңы технологияларды колдонуу боюнча көрүп келгем. Калгандары чет-четинен ишке ашып баштады. Бир мүнөт да токтогон жокпуз. Мугалимдердин айлыгы ушул жылдын аягынан баштап аз-аздан көтөрүлө баштайт. Дегеним, биздин окуу жай өзүн-өзү каржылайт. Мамлекеттен дотация албайбыз. Чет элдик инвестиция, гранттарды тартуу жагы оң жолго коюлган.

-- Жаратып аткан ийгиликтериңди кубаттагандар, ошол эле учурда көралбагандар да болсо керек?

-- Кыргызда өзүңүз билесиз, көралбастык каныбызда бар, болуп келген, боло бермекчи. “Бул жаш, атасынын инисинин баласы эмеспи” дешкендер жок эмес. Анткен менен эгер иштей албай, университетти артка тартып, алдыга жылуу жок болсо, же бир жагын тартып алып, менчиктештирип алсам бир жөн эле. Анда бул окуу жайда бир саат да турмак эмесмин. Тескерисинче, Төлөбек атамдын атын чыгарып, а киши түптөп кеткен нерсесин эки-үч эселеп өркүндөтүү аракетиндемин. Атын булгаганга акым жок. Билим берүүбүздүн сапаты боюнча да 2015-жылдан бери ЖОЖдор арасында сап башында жүрөбүз. Өкмөттүн сынагы боюнча “лауреат” наамын жеңип алганбыз. Ошо боюнча кармап турабыз. Ушундай эле сынак КМШ өлкөлөр арасында болуп, Кыргызстан эле эмес, Орто Азия боюнча биздин окуу жай финалга чыктык. Мындай иштерибиз толтура, айта берсе түгөнбөйт.   

Ал эми биз жөнүндө эч маалыматы жок, курулай ушак таратып жүргөн адам окуу жайга келип, жасалып жаткан иштерди көрсө, уялып калат беле? А эгер билип туруп өткөндөгүдөй ушактарды таратып жатса, анда баягы эле тагдырына таарынган, ичи тар көралбас адам го, ага ыйман гана тилейм.          


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер