Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Биз 1 миллиард долларлык экспорттук потенциалыбызды колдоно албай келебиз”

Аскар Сыдыков: “Биз 1 миллиард долларлык экспорттук потенциалыбызды колдоно албай келебиз”

21-январь, 14:56
776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Аскар мырза, ишкерлер үчүн өткөн жыл аралыгында кандай жетишкендиктер жана терс жагдайлар орун алды? 

-- Өткөн жыл ишкерлер үчүн жакшы жылдардан болду. Себеби, ИДНдин көлөмү өстү. Бир катар ишкерлерди колдоого багытталган мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди. Алардын ичиндеги эң башкысы бул социалдык төлөмдөрдүн 15%га төмөндөшү орто жана чакан бизнестерге чоң жардам болду. Себеби, көп ишкерлер жумушчуларды дал ушул соцтөлөмдөрдүн көптүгүнөн жумушка ала албай, башка келишим же бейформалдуулук менен жумушка алышкан. Ал эми бул мыйзам күчүнө киргенде көп ишкерлер расмий түрдө жумушка ала башташты. Аталган төлөм 27,25%дан 12,25%га ылдыйлатылган. Экинчиден, бир катар салык төлөө жол-жоболору жакшырды. Өзгөчө агроөнөржай чөйрөсүнө, айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштеткендерге көп артыкчылыктар берилген. Үчүнчүдөн, ишкердикке мыйзамсыз тоскоолдук жаратууга күрөшүүгө багытталган Кылмыш-жаза кодексине атайын берене киргизилген. Бул дагы чоң жардам эмеспи. Эми дагы бир кошумча коргонуу ыкмасы пайда болду. Төртүнчүдөн, жаңы Эмгек кодекстин долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ал жерде жумуш берүүчүлөрдүн, ишкердин укуктары каралган. Эми кодекс арбын баланска ээ болуп, жумуш бергендерге дагы, жумушчуларга дагы көбүрөөк жардам берет деп ойлойбуз. 

-- Тоскоолдуктар жагына да токтоло кетсеңиз?

-- Ушул жакшы өзгөрүүлөр менен бирге терс таасир этүүчү жагдайлар дагы болбой койгон жок. Анын ичиндеги бизге түшкөн кайрылууларды алсак, өзүнүн мүлкүн жоготкон ишкерлер көп катталды. Андан сырткары, базар экономикасына туура келбеген бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул боюнча да кайрылуулар бизге келип түшкөн. Эл аралык рейтингдерди карасак, инвестор менен ишкерлер ишеними да жогору болгон жок. Муну байкай турган бир нече рейтингдер бар. Дүйнөлүк банктын да бир нече отчеттору чыккан. Ошондо жеке секторго бир катар тоскоолдуктар калып жатат. Ошондой эле экономикалык эркиндик индексинде дагы биздин Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 112-орунду алган. Бул дагы өтө жакшы эмес. Ушу позициябызды да оңдоо зарыл. Аны оңдош үчүн базар экономикасына, атаандаштык принциптерине жаккан чечимдерди кабыл алыш керек. Атаандаштыкты чектебей, тескерисинче, жеке секторду колдоо иретинде чечимдерди кабыл алсак оңдуу болмок. 

Жалпысынан, биздин колдонбой калган экспорттук потенциалыбыз Дүйнөлүк банктын баамында 1 миллиард долларга барат. Демек, биз 1 миллиард долларлык экспорттук потенциалыбызды колдоно албай жүрөбүз. Ошондой эле каржы булактарга ишкерлердин жетишпегендиги айтылууда. Эмгектин натыйжалуулугу да бизде төмөнкү деңгээлде калууда. Муну да жакшыртуу шарт. Жалпысынан, мыйзамдын үстөмдүүлүгүн орнотконго аракет кылсак болот. Себеби, көп жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен алар иш жүзүндө иштебей калган учурлар арбын. 

-- Президент тарабынан салык төлөөчүлөрдү колдоого алган жарлык жарыяланды, бул жарлык боюнча кандай пикирдесиз?

-- Ооба, кечээ жакында эле жыл жаңыргандан кийин президент тарабынан кабыл алынган жарлык салык төлөөчүлөрдү колдоо иретинде кабыл алынды. Анда транспорт салыгы жокко чыгарылууда. Ошондой эле салык текшерүүлөрдүн көпчүлүгү токтолсун (!) деп чечим чыккан. 2022-жылга чейинки карым-катнаштарга багытталган. 2022-жылдын 1-январына чейин болгон салык карыздарга амнистия каралып, ошону менен бирге ККМди кайра карап чыгуу маселеси министрлер кабинетине тапшырма катары берилген. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер