Айданбек Акматов: “Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшү – кечиккен тарыхый адилеттүүлүк”
Кыргызстандын президентинин администрациясы Кумтөрдү өткөрүп берүү жараяны биротоло аяктаганын билдирди. Анда Кыргызстандын Британиядагы элчилигинде 29-июлда документтерди алмашуу болгонун, баардык финансылык төлөмдөр расмий Бишкектин пайдасына жүргүзүлгөнү айтылды. Айрым байкоочулар кен менен кошо экологиялык бир катар маселелер кошо өткөнүн, эми ачык-айкындуулукка көңүл бурулушу зарылдыгын белгилеп жатышат.
-- Кумтөрдүн толук Кыргызстанга өтүшү тууралуу сүйүнчүлөндү. Кандай иш алып барууларды, келечекти көрүп турасыз?
-- Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшү – кечиккен тарыхый адилеттүүлүк. Бирок күмөн жараткан жагдайлар бар. Биринчиси, уу калдыктардын тагдыры кандай болот? Анын кенемтесин ким толтурат? Экинчиси, кыргыз өкмөтү бул кенди эми кандай иштетет? Ачыктык болобу же коррупциянын курмандыгына айланып, бармак тиштеп калабызбы? Азыркыга чейин белгисиз, Кумтөр алтыны кайда, канчадан сатылып жатат? Азыр ушуга окшогон ондогон жоопсуз суроолор турат...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити