Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Душмандарын көбөйтүп алган Ташиевдин баштагыдай шайы жок”

Сабыр Муканбетов: “Душмандарын көбөйтүп алган Ташиевдин баштагыдай шайы жок”

24-апрель, 20:27
1 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бишкек менен Ош шаарындагы шайлоолорго нааразычылыктар көп болууда. Бүгүн болсо НДПК добуш сатып алууга айыпталып, шайлоодон четтетилди. Нариман Түлеев болсо “Эмгек” партиясын күнөөлөп чыкты. Булардын жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн? Нааразычылыктарга чекит коюш үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

-- Көтөрүлүш, тополоң, төңкөрүштүн баары адилетсиз шайлоолордон келип чыкканын бүт эл билет. Акыркы 6-октябрдагы элдик көтөрүлүштүн негизги талабы – “шайлоолор таза өтсүн” деген шарт болгон. 

Январдагы президенттик шайлоодон кийин эч ким деле “шайлоо адилетсиз болду” деп чыккан эмес. Азыр эми жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого нааразычылыктар көп болуп, шайлоону жараксыз катары табууну талап кылып жатышат. Айрыкча Бишкек менен Ош боюнча. Шайлоолор адилетсиз өткөндүгү тууралуу кайталабай эле коёлу, фактылар толуп турат. Бул бойдон калса күздөгү парламенттик шайлоого чоң кесепети тийет (!) деп ойлойм. Ошондуктан Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине болгон шайлоону жокко чыгарууну талап кылып аткандарды колдойм. Бүт республика боюнча жергиликтүү кеңештер шайланды, Бишкек менен Оштуку күзгө же кийинки жазга деле калтырылса эч нерсе болбойт. Шаардык кеңештердин мөөнөтү бүтүп аткан депутаттары иштей турат. Алардын мөөнөтү да узарсын, эмне “чимкириктерден” кем бекен?

-- Чек ара маселелерин чечүүдө Камчыбек Ташиев берилген 50 гектар жерди кайра карап чыгуу үчүн Ташкентке бармай болбодубу. Эми анын визитинен бир майнап чыгышы мүмкүнбү? Дегеле Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу элдин нааразычылыгында жүйө барбы же өкмөт чечкен келишимге ишенсе болобу?

-- Өзбек туугандар, кошуналар менен сый, достук мамиледе “кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей маселени чечиш керек. Чийеленген иш бир тараптуу, бир жактын эле пайдасына чечилбейт. Компромисс менен алмашууларсыз болбойт. Ошол эле учурда “Атка бергис кунан бар” дегендей, алмашкыс жерлер да болот. Кемпир-Абад суу сактагычы да, ошондой талуу маселе.

Үзөңгү-Кууш Акаевдин, Каркыра Бакиевдин башын жеген. Кемпир-Абад да тарыхка ошондой каргашалуу символ болуп кирип калышы мүмкүн. Ушул жагынан алганда, Кемпир-Абад маселесин азыр чечпестен тоңдурулуп калтырылышын туура көрүп атам. Өзбек туугандар деле угуп атат, көрүп атат, түшүнүшүүгө болот да. Соцтармактар аркылуу ушул оюмду бийликтерге да жөнөткөнсүдүм.

-- Июнь окуяларын иликтөө маселеси көтөрүлгөндөн бери ар кандай эки тараптуу пикирлер орун ала баштады. Эмне үчүн бул маселе азыр көтөрүлүп жатат? Анын жыйынтыгы кандай болушу ыктымал?

-- Июнь окуясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштүн уландысы, кесепети (!) десек болот. Бакиевдердин үй-бүлөлүк, криминалдык, кандуу режиминин кулашы менен аяктаган бул төңкөрүштөн кийин бийлиги легитимдештириле элек Убактылуу өкмөт (УӨ) чабал болду. Бакиевчил реваншисттик күчтөр Ош, Жалал-Абадды, түштүктөгү шаарларды кайра-кайра басып алышкан. Күч түзүмүндөгү жогорку баскычтагы, Бакиевдер дайындаган жетекчилердин көбү алмашыла электиктен ачык саботаж кылып турушкан. 

“Апрель элдик революциясына катыштык, биз да Бакиевдерди түштүктөн куушканбыз” деп УӨнү жакалаган өзбек сепаратисттер, криминалитет, наркотрафик кожоюндары, экстремисттик күчтөр баш көтөрүшкөн. Кырдаал курчуп отурду. 

УӨ расмий каналдардан келген маалыматтарга жеткиликтүү көңүл бурбай, ишенбей, шалаакылык кылды. Алдыда күтүлүп аткан, ошо күздө боло турган парламенттик шайлоого кызуу даярдана баштаган партиялар, айрыкча УӨ курамындагы саясатчылар 700 миңге чукул электораты бар өзбек жарандарыбыздын добушуна көз артышып, түзүлгөн кырдаалды элес албай, карабай отуруп жаңжалга кабылтышты.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийликке келиши менен бакиевчил реваншисттер баш көтөрүп, жабырлануучулардан арыз чогултулду. “Өз балдар келбедиби, өч алып беришер” деген мааниде ушундай жүрүш жасалгандай го? 

Арызды бере элек жатып, “УӨ өзбекти кыргызга тукурган, кырдырган, буларды аталы, асыш керек” деген айыптоолордун соцтармактарда жамгырдай жааганы эле өч алууну көздөгөн уюшма бар экенин көргөзүп жатат.

УӨгө кылмыш ишин козгогон УКМК деле энтузиазм менен иштегени байкалбайт. “Тукурду, кырдырды” дегенден далил чыкпай уят болорун сезгендей, Убактылуу өкмөт сепаратисттерди кармабай, сыртка чыгарууга көмөктөшкөн сыңарында айыпты тагып жатат. Антпеске арга жок. 

Опурулуп-жапырылып, ат көтөргүс милдеттерди мойнуна илишип, душмандарынын санын өзү да санап бүтө алгыстай кылып алган Камчыбек Ташиевде азыр баштагыдай шай жок. Эл ишенип шайлап, жыйынтык күтүп атса, “Бакиевдерди актай калып, көңүлүн алайын” дегендейди ойлогонго деле Садыр Жапаровдун убактысы аз, алдыда жасала турган жумушу чачтан көп болуп турат. Рейтинг болсо кургуйлап баратат...

Нааразычылыктар чогула берип, аягында, күзүндө чачкын оппозициялык күчтөрдүн күчтүү консолидациясын жаратары сезиле баштады. Андыктан, бул эки дос качкын экстердин тагдырын ойломок тургай, өз баштарына үйүлө баштаган сур булуттан чочуркашы керек.

Айтор, орустар айтмакчы, реваншисттердин бул затеясы, “нужна им как собаке пятая нога”. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер