Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Осмонбетова: “Коррупциялык схемалар токтобосо, Кыргызстанда инвестициялык климат оңолбойт”

Венера Осмонбетова: “Коррупциялык схемалар токтобосо, Кыргызстанда инвестициялык климат оңолбойт”

19-июнь, 19:11
2 587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Венера айым, былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 24,4 пайызга аз экенин улуттук статистика комитети кабарлады. Ушу боюнча сиздин оюңуз кандай?

-- Чет жактан инвестициялардын келип туруусу аябай жакшы. Өнүгүүгө түздөн-түз жол ачып турат эмеспи. Ошого жараша ылайыктуу инвестициялык климат керек. А бизде кандай экенин айтпасак да түшүнүктүү болуп турат. Баа бериш үчүн экономист болуп деле кажети жок. Туруктуу саясаты бар өлкөлөрдө мындай маселе жаралбайт, жаралышы да мүмкүн эмес. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстанда ар бир беш жыл сайын бийлик алмашып турат, одоно айтканда. Аны менен кошо инвестициялык климат солгундап жана үзгүлтүккө учуроодо. Бул жерде эң башкы көйгөй – коррупция. Ушунун айынан Кумтөрдүн айланасында эмне болуп атканын өзүңүздөр билесиздер. Өз убагында баардык шарттарды эки тарап туура жолго коюп, мамлекеттин кызыкчылыгы жана инвесторлордун кызыкчылыгы каралган болсо, мындай маселе жаралмак эмес. Коррупциялык схемалар, кенден түшкөн пайданы мамлекетке түшүрбөй эле өздөрү пара алуу менен коштолгондун айынан бүгүнкү көйгөйлөр жаралууда. Инвесторлор тажап, бизде иш жүрбөгөндүктөн акырындык менен 2-3 айга өз өлкөсүнө кете беришти. Муну менен эмне айтмакчымын? Ооба, бизде инвестициялар азайчу шарт бар болчу, азаймак. Кумтөр маселесин агрессивдүү метод менен чечип атышат. Башка инвесторлордун жолуна тоскоолдук жаратуу менен “инвестиция кылам” деген келечектеги ойлоруна балта чаап кетти. 

-- Бул жагдайдан кантип чыгабыз?

-- Ар бир көйгөйдөн чыга турган жолу болот. Инвестиция тармагында иш алып барган азыркы кесипкөй адистер “мыйзам боюнча иштейли, баарык иштер ачык-айкын болсун” деп аткандары жүрөк жылытат. Эгер чындап эле ушул жолду тандап, ушул жол менен бара турган болсок, акырындап инвестиция климаты жакшырат жана инвесторлор келе баштайт. Жакынкы 6-10 жыл ичинде муну байкайбыз. Мындан сырткары, тоо-кен тармагында дагы бир көйгөй бар. Ал – жергиликтүү бийлик. Кайсы жерде кен жайгашса, ошол жердин тургундары менен иш жүргүзүшүбүз керек. Алар макул болуп, кандай шартта өнүгүп-өсүү болот жана кендерди иштетүү программаларын түшүнүү менен мамиле кылышса, ошондо гана инвесторлор келет. Биз көп эле жерлерди көрүп атпайбызбы, айылдык кеңеш же кен чыккан жерде турган элдер көпчүлүк учурда каршы чыгып атышат. Себеби, алар деле көрүп атышат, бюджетке акча түшпөсө, биздин кендер сыртка кетип атса, “андан көрө иштетпей эле койгула” дешет да. А бюджетке түшпөгөндүн себеби, баягы эле коррупциялык схема менен иш алып барып атканыбыз болууда.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер