Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдөгү аялдар жетишсиз өлкөлөр

Дүйнөдөгү аялдар жетишсиз өлкөлөр

07-январь, 12:41
1 112 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө аялдар жетишсиз болгон, ошол себептен үй-бүлө куруу жана балалуу болуу маселеси төмөн түшүп кеткен өлкөлөр бар. Бул өлкөлөр тууралуу “Медиа плов” сайты изилдеп жазып чыккан.


Швеция       

Швецияда аялдардын жетишсиздиги ички кризиске айланган. Анда аялзаты өздөрүнө батир алуу үчүн чет элге кетип жатышат.


Кытай

Бул өлкөдөгү “Бир үй-бүлөгө – бир бала” саясаты өлкөдөгү эркек менен аялдын санына олуттуу таасирин тийгизген. Көбүнчө эркек балдар төрөлүп, эми алар чоңоюшкан кезде үйлөнүүгө жар таппай жүрүшөт жана ага-эжесиз жалгыз өскөндүктөн кытайлыктардын көпчүлүгү өзүмчүл келишет.


Филиппин

Өлкөдөгү демографиялык кризис эмгек рыногундагы кризиске алып келди. Орточо эсеп боюнча 102 эркекке 100 аял туура келет. Ал эми филиппин кыздары жумуш издеп чет элге кетип калышкандыктан, кийин абал өтө тааталдашкан.


Норвегия

Бүл өлкөдө да аялдардын саны азайып, гендердик теңчиликти кармоо маселеси абдан кыйындаган. Анүстүнө эмигрант эркектердин саны көбөйүп кеткен.


Ооганстан

Акыркы он жыл бою аскердик чыр-чатактан көз ачпаган өлкөдө негизинен эркектин тартыштыгы сезилиши керек эле, бирок эркектер жетиштүү. Ал эми аялдар кыйын абалдан кутулуп чыгуу үчүн качып жатышат. Анткени, бул өлкөдө аялдар жасай турган эч нерсе жок. Ал эми эркектеринин аял издөөгө чамасы да жок.


Италия

Бул мамлекетте олуттуу ажырым болбосо да, эркектердин саны аялдарга караганда көп. Гендердик теңдикти колдогон никеси бар аялдар бала сүйүүнү анчалык каалашпайт.


Египет

Бул өлкөдө калктын 75 пайызы эркектер. Бул статистика 25 жашка чейинки жарандарга түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, ал жерде аял алуу үчүн чоң күрөш жүрөт. Окумуштуулар өлкөдөгү абалдын кыйындашы аялдарга көрсөтүлгөн сексуалдык зордук-зомбулуктун көбөйүп кеткенинен улам дешет.


Исландия

Бир нече убакыт мурда Исландия өкмөтү “өз өлкөсүнө келип, ал жактын эркектерине турмушка чыккан кыздарга компенсация берет” деген кеп чыккан эле. Бирок, бул мааалымат расмий түрдө тастыкталган жок. Ошентсе да, өлкөдө кыздардын жетишсиздиги турган маселе.


Иран

Жакынкы Чыгышта жайгашкан бул мусулман өлкөсүндө аялдардын укугу көп жактан чектелип келет. Алар эми гана билим алып, кесипке, мансапка умтулуп жатышат. Кыздар жашоо үчүн күйөөгө тийүү керектигин түшүнгөн соң, массалык түрдө Европага кете баштаган. Ошентип, Иран эркектери үйлөнө түрган жарын издөөгө аргасыз. 


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер