Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев: “Өлкөдө 5-октябрдан 12-октябрга чейин абал өтө кооптуу болот”

Жанар Кадыралиев: “Өлкөдө 5-октябрдан 12-октябрга чейин абал өтө кооптуу болот”

20-сентябрь, 12:04
5 047 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Астролог Жанар Кадыралиев чейрек кылымдан бери асмандагы жылдыздарга байкоо жүргүзүп келерин айтат. Ар күн сайын адамдар түрдүү суроолор менен кайрылып, анын ичинде саясаттын казанында кайнап жүргөндөр келечек тууралуу сурап, ишмердүүлүгүн айтып берүүсүн өтүнүшөт. “Жакында парламенттик шайлоо тынч өтөбү?” деген суроом да жоопсуз калган жок.

-- Жанар мырза, биздин окурмандар сиз менен болгон маекти үзбөй окуп келишет. Көптөрү кантип астролог болуп калганыңызга кызыгышат. Ушуларга кыскача токтоло кетесизби?

-- Бул боюнча сиздерге мурун учкай айтып бергем. Ошентсе да сиз суранып калдыңыз. Чынын айтайын, “астролог болом” деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бала кезимде өзүм курактууларга окшоп “учкуч болом” деген кыялым бар эле. Көрсө, асман мени өзүнө тартып жүргөн өңдүү. Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктагандан кийин 1993-жылы Москвадагы өтө  тажрыйбалуу адистер менен иштешип, толук кандуу астрономия тармагына билек түрө кириштим.

-- Астрологиялык жыйынтыктарды аныктоодо кандайдыр бир өзгөчө ыкма колдонсоңуз керек?

-- Асманда жайгашкан жылдыздардын жүрүшүн эфемеридалык, мындайча айтканда, күн, ай жана башка планеталардын жайгашышы таблица түрүндө түзүлүп, кайсынысы кай жакта градус, мүнөттөрүнө чейин көрсөтүлөт. Бул таблица үч жүз жыл алдыга түзүлөт. Бул ар бир өзүн астролог катары эсептеген адистин столунун үстүндө, кол алдында болушу керек. 

-- Сизге кимдер кайрылат, эмне маселени козгошот?

-- “Алдыда ишим кандай болот?” “Атаандаштарым ким?” дегендер келишет. Албетте, үй-бүлөлүк маселелерине кызыккандар да көп. Мага кайрылган адамдардын басымдуусу “ачык эле айт” деп суранышат. “Үйлөнөм” дегендер да жок эмес. “Бактылуу жашайсыңар, турмушуңарда материалдык жетишпеген жагдайлар кездешет. Андан коркпош керек, ал ортодо бирөөлөрдүн жеке кийлигишүүсү менен чыр-чатак болбой койбойт. Мындан да коркпогула” дейм. Кээ бирөөлөр алдыдагы 3-4 жылда эмне болорун айтып берүүмдү суранышат. Эң кызыгы, жаман жактарын айтсам, ойлонуп, жакшы жактарын айтсам, кубанып, сүйүнүп, мурундарын дердейтип калышат. 

-- Телефон чалгандар болобу?

-- Мындан бир жума мурун түнкү саат экилерде бирөө чалат. “Алло, кечиресиз, качан өлөрүмдү билсем болобу?” деди. Уктай элек элем. “Багымдат намазга чейин” деп ошол эле астрономиялык кубулуштарга көз салып жаткам. Чочуп кеттим. Дүйнөлүк астрономияда төмөндөгүдөй суроолорго батынып жооп берүүгө тыюу салынат (сверх секрет). “Ооба болот. Бирок, бул көп убакытты талап кылат. Анын сизге кандай зарылчылыгы, кусаматчылыгы бар эле?” дедим. Телефонду коюп койду, бир нерсени түшүнгөндөй болду. 

-- Айтсаңыз, парламенттик шайлоо тынч өтөбү, абал курчубайбы?

-- Курчушу курчуйт. Эң курчуган күн 10-октябрга туш келет. 4-октябрь шайлоо, эртесинен баштап бир жумага абдан кооптуу. Адамдар абдан этият болушу керек. Саясый кырдаал катуу эле болот. 

-- Муну бийликтегилер эске алуусу керекпи?

-- Бийликтегилер эске албайт. Алар “кыйын” да. Качан ээрден шыпырылып түшүп, баткакка батып калганда, же түрмөгө камалганда, же чет жакка качканда гана ойгонот. “Көсөнүн акылы түштөн кийин” дегендей. Булар мындайларга маани беришпейт. Экөөбүз жазып койгонду шылдыңдап, мыскылдап күлүп коюшат. Анан баштарына мүшкүл иш түкөндө көздөрү чакчайып, эмне кыларын билбей калышат. 

-- Учурда парламентке аттанган талапкерлер кайрылдыбы?

-- Кайрылып атышат. Алардын аты-жөндөрү сыр бойдон сакталышы абзел. Айтып койсом капа болбойбу? Мындай кайрылуулар 10-15 жылдан бери келатат. Айткан-дегендерим так болгон үчүн жанды коюшпайт. Мен эми жаш бала эмесмин да, урду-сокту кылып айта бергендей. Астрономия илими так, даана илим үчүн өмүр бою артынан сая түшүп келатам. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер