Асия Сасыкбаева: “Мамлекетте саясый коркунуч жаралса, оппозиция бир саатта биригет”


-- Асия эже, учурдагы саясый абалды кандай баалап атасыз?
-- Саясый абал мамлекетибизде чатак (!) десек болот. Анткени, элибизди кыжалат кылган көп орчундуу маселелер оң жагына чечилбей келет. Улутубуздун, элибиздин коопсуздугу жөнүндө коркунуч жараткан жагдайлар күн сайын көбөйүүдө.
-- Оппозициянын биримдиги жок болуп атканы ыраспы?..
-- Бизде оппозициянын биримдиги эч качан болгон эмес. Бирок, кезеги келип калса бир сааттын ичинде биримдиги чечиле калат. Тарых ага күбө. Акыркы 30 жылдын ичинде ар кандай оппозициялык топтор өз-өзүнчө аракеттенишип, бирок мамлекет саясый коркунучка кептелип калса, баары биригип, бийликти бир заматта алмаштырып коюшканын билебиз.
-- Саясаттан четтеп калган жоксузбу?
-- Бүгүнкү күндө саясаттан четтеш мүмкүн эмес. Мамлекетибиз жакшы жакка оңолмоюн иштешибиз керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











