Билесиңби? Август айынын кубанычтуу ирмемдери
Жалбызды чогултуп кургатып, банкаларга салып алганга үлгүрүңүз.
***
Кыркылган түркүн гүлдөрдү вазаларга жайгаштырыңыз.
***
Жыл сайын жаңы бир нерсе жасап көрүңүз: помидор же башка жактырган жемиштерди кургатып, сактоо жолдорун өздөштүрүңүз.
***
Августтун эсте калчу ирмемдери: жыттуу гүлдөр, дасторкондогу алмалар, жегенге үлгүрбөй жаткан коондор, эртең менен созулуп, жакындап келаткан күздү эске салган туман.
***
Жайкы каалоолордун тоголок мончокторун чогултуу жана аларды ишке ашыруу.
***
Август айы жөнүндө көп жазылып, көп айтылды. Бул жай мезгилинин эң жемиштүү айы болсо керек. Күзгө жакыныраак туруп, муң жыттагандыктанбы, же белек-бечкеги, түсү менен эң жоомарты болгондуктанбы, ар кимдин өзүнүн август айы бар.
Август айыңыз кандай? Күндөлүккө ирмемдерден жазып калтырыңыз!
"Азия Ньюс" гезити