Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Кочкоров: «Биримдиктин» башкы максаты – ар бир жарандын кирешесин кѳбѳйтүү»

Улукбек Кочкоров: «Биримдиктин» башкы максаты – ар бир жарандын кирешесин кѳбѳйтүү»

12-сентябрь, 11:38
746 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-сентябрда «Биримдик» партиясынын жаштар канаты тарабынан уюштурулган онлайн-жолугушууда депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров «2020-2025-жылдарга калктын реалдуу акчалай кирешесин максаттуу жогорулатуу жана Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү» боюнча  «Биримдик» партиясынын программасынын бет ачарын өткөрдү. Ошону менен бирге эле «Биримдик» саясый партиясынын талапкери Улукбек Кочкоров берилген суроолорго да жооп берди.

«Мен сунуш кылып жаткан экономикалык программа «Биримдик» партиясынын демократиялык социализм принциптерине, идеологиялык көз караштарына, социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу механизмдерине шайкеш келип отурат. Мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүндө чаржайыттык болбоосу керек. Рыноктук экономика өзү аныктайт деп жайма базар кылып таштап коюуга болбойт. Мамлекеттин жөнгө салуучулук, башкаруучулук жана багыттоочулук ролу сөзсүз болууга тийиш», - деп белгиледи Улукбек Кочкоров.

Айтылган маалыматтарга таянсак: өткөн 30 жылда, тилекке каршы, мамлекет мына ушул ролунан четтеп, өз рыногуна өзү ээ болбой калгандай сезилет. Кыргызстандын рыногунун дээрлик 80%ын чет элдик товарлар ээлейт.  Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө, ишкерлерге жеткиликтүү шарттар түзүлбөй жаткан.

Депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров «Биз дыйкан-фермерлерге 10% менен насыя берип атабыз. Ошол эле учурда Евразия чөлкөмүндө 17% субсидия берген өлкөлөр бар. Ортосундагы айрыма 27%ды түзүп атат. Рынокту башка өлкөнүн товарлары ээлеп калат. Жылыга 400-450 млрд. сом керектелүүчү товарлардын рыногуна жумшалат. Мунун 80%ы башка өлкөлөрдүн экономикасын колдоого кетип жатат. Ошол акчаны өзүбүздүн ишкерлерге бурушубуз керек. Атаандаштыкка жарамдуу товарларды өндүргөнгө жол ачабыз. Экономикалык программанын маӊызы ушунда»-деди.

Бет ачардын жүрүшүндө программанын негизги максаты ар бир жарандын кирешесин көбөйтүүнүн жолдорун ишке ашыруу экендиги, Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнө багытталган, аларды колдогон, өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзгөн программа болуусу керектиги, ошондо жаӊы жумуш орундары түзүлүп, калктын кирешеси көбөйө тургандыгы  жана жарандардын керектөөсүнөн төмөн эмес каражат тапкан татыктуу жумуш аркылуу Конституциялык укугун камсыз кылып беришибиз керектиги айтылып өттү.

Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, Кыргызстандын калкынын 78,8%ынын  кирешеси керектөө минимумунан төмөн. Демек, калктын басымдуу көпчүлүгү социалдык камкордукка муктаж. Партия алдыдагы 5 жылда керектөө минимумуна жетпегендер 10-15 пайызды гана түзүп калышы керек.

Аталган программа акысыз билим берүү, медициналык жактан тейлөө жактарын да камтыйт. Билим берүүнүн, медициналык тейлөөнүн сапаты олуттуу көӊүл бурууну талап кылган маселе. Суроолор көп. Биз мына ошонун үстүнөн иштешибиз керек. Айрым маселелер айланып келип эле акчага такалат. Импорттун ордун толуктап, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатып, атаандыштыкка туруштук бере турган товарларды өндүрүү аркылуу экономикабызды чыӊдап алсак, анда билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармагындагы көйгөйлүү маселелердин көпчүлүгү өзүнөн-өзү чечилет. 

Социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, ар бир маселенин калыс, акыйкат чечилишине жетишүү үчүн мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкерчилиги болушу керек. Биз ошон үчүн «Стратегиялык пландаштыруу жөнүндөгү», «Бийликтин баардык бутактарындагы жетекчилердин, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы жөнүндө» мыйзам кабыл алышыбыз керек. 

Стратегиялык пландаштыруу 30-40 жылга узак мөөнөттүү өнүгүүнүн артыкчылыктуу жактарын аныктап, өнүгүүнүн ар беш жылдык этаптарына бөлүнүүгө тийиш.

«Биз бул долбоор-программаны аткарууга белсенип жатабыз. Алдыга койгон максаттарыбызды элге толук жеткирүүгө аракет кылабыз. Эл аны канчалык кеӊири түшүнсө анын аткарылышы ошончолук жеӊил болот»-деп сөзүн жыйынтыктады Улукбек Кочкоров.  


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер