Акыркы кабарлар
» Коом » Психиатриялык ооруканадан 44 адамдан коронавирус жуктурган
Психиатриялык ооруканадан 44 адамдан коронавирус жуктурган
04-май, 20:08
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Санкт-Петербург шаарындагы Кащенко атындагы психиатриялык ооруканадан 44 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Бегловдун берген маалыматына ылайык, ооруканадагы 28 бейтап жана 16 кызматкер коронавирус жуктурган. "Вирус менен ооругандар №3 Шаардык психиатриялык ооруканасынын өзүнчө корпусуна жайгаштырылат. Ал эми ал жакта коронавирус кайдан пайда болуп калды, аны атайын комиссия иликтейт", - дейт губернатор.