Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КР коопсуздук кеңеши ИИМдеги башаламандыкты көзөмөлдөй албайбы?

КР коопсуздук кеңеши ИИМдеги башаламандыкты көзөмөлдөй албайбы?

10-сентябрь, 22:15
1 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин ички коопсуздук иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Конок Өскөнбаевге карата 2020-жылдын апрель айында милиция кызматкерлеринин арызынын негизинде ИИМдин башкы штабында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн башкы көзөмөлдөөчү органга жиберилген болчу. Жогорудагы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын эске алып, башкы көзөмөлдөөчү орган бул фактыны кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгына жиберген. Тилекке каршы, эч бир жыйынтык жок! Бир да тергөө амалдары аткарылган эмес! 

Эмне үчүн мыйзам карапайым кызматкерлерге иштеп, Конокко окшогон арты таза эмес жетекчилерге иштебейт? Негизи бул башкармалык азыркы министр Кашкар Жунушалиевдин куралына айланган кызмат болуп калганын эч ким тана албайт! ИИМдеги күчтүү кадрларга ичкүйдүлүк кылып, ар кандай ыплас жолдор менен жумуштан кетирген көнүмүш адат таап алышкан. Буга далил – мыйзамсыз алынган кызматкерлердин соттон акыйкаттык издеп, кайрадан жумуштарына дайындоо чечимдеринин чыгышы. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Кашкар Жунушалиев коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге даттанып, “биз жумуштан алган кызматкерлер соттон утуп келишүүдө” деп туура эмес маалыматтарды жеткиргендигин кантип танат? Албетте, утушат! Себеби, кол астындагы Конок Өскөнбаевге окшогон сабатсыз, мыйзамды сыйлабаган кызматкерлеринин сөзүн угуп отурса! 

Соцтармактардагы Конок Өскөнбаевге карата жазылган комментарийлерде бир да жакшы сөз айтылган эмес. Эмнеге ИИМде соцтармактардагы комментарийлерге талдоо жүргүзүлбөйт? Себеби, коомчулук баа берип жатат да. Сотторго милициялардын бере турган акчалары жок! Кашкар мырза, логика кайда? Сот – бул көз карандысыз орган болуп эсептелет. Антип бурмалап, маалыматтарды жогору жакка жеткирбей жүрүңүз! ИИМдин юристтери жар салып, “биздин жетекчилик соттордун төрагасына айтып койду, эми мындан ары ута алышпайт!” дегени ыраспы? Чын элеби, кандай түшүнсө болот?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер