Мээрбек Мискенбаев: “Шариман-шалпыктын командасы, Опумбаев, Жунушалиев, Жамшитовдор соттолушу керек”


-- Мээрбек мырза, Октябрь окуясынын соттук иштери боюнча эмне айтат элең?
-- Октябрь окуясы боюнча соттук процесс негизи эле мыйзамсыз жана адилетсиз болууда. Анткени “Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тартып алдыңар” деп ошол эле Алмазбек Атамбаев жана анын командаларын соттоп атышат. А негизи чын-чынына келгенде, Октябрь окуясында канчалаган жаракат алган адамдар бар: көзүнөн, бутунан айрылган, мээси катуу чайкалган... Каза болгон Үмүт деген жигитибиз бар. Эгер соттор адилеттүү карай турган болсо, Шариман-шалпык командасы, ака-үкасы, Опумбаев, Жунушалиев, Жамшитов – мына ушулар жооп бериши жана соттолушу керек. Анан эле Токтогул суу сактагычында суу толбой калса деле, азык-түлүккө болгон баалар өссө деле Атамбаевден көрө берген туура эмес.
"Азия Ньюс" гезити











