Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте “Кенесарынын башын кайтаргыла!” деп эки казак жараны митингге чыкты

Бишкекте “Кенесарынын башын кайтаргыла!” деп эки казак жараны митингге чыкты

25-февраль, 17:11
1 476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте эки казак жараны Ала-Тоо аянтына митингге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү булактар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, митингге чыккан эки жаш бала “Кенесарынын башын кайтарып бергиле!” деген жазуу жазылган плакатты көтөрүп алып чыгышкан. Булар «хайп» үчүн чыгышы мүмкүн.

Кенесары Касымов орто жүздөн чыккан султан, Чыңгызхандын жана Абылай хандын тукуму, 1841-жылдан баштап орус императору Николай I тааныбаган казактардын бардык үч жүзүнүн ханы. 1837-1847-жылдары казактардын Орусиядан улут-азаттык кыймылынын башында болгон.

Алгач Кенесары орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ошондой эле ал Казакстанда Орусия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер