Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төбөлдөр туура кадам жасабаса, “экстер” кырдаалды чыңалтышы ажеп эмес

Төбөлдөр туура кадам жасабаса, “экстер” кырдаалды чыңалтышы ажеп эмес

18-март, 11:58
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ойлоп көрсөңүздөр, азыр канча саясатчы бийликтен четтетилип калышты? Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Бабанов, Сариев, Мадумаров, Масалиев, Мырзакматов, Кулов, Исаков, Сооронбай жана Асилбек Жээнбековдор, Равшан жана башка майда-чүйдөлөрүн айтпай эле коёлу. Берки кетип бараткан Жогорку Кеңеште дагы канчасы отурат? Жанар Акаев менен Дастан Бекешовдор эмнеге чыңырып атышканы белгилүү да. Булардын баарынын тилеги Садыр Жапаровдун бийлиги кулап калса эле, алар кайра ээрге отурбаса дагы авторитет болушуп, бир жерине кыпчылчудай. Уйкулары качып, Фейсбукту чукулап отурушат. Кээ бирөөлөрү ачык жазышса, көбүнчөсү берки көкмээ жаштарды шыкап, тыйын берип коюшат. Бийлик бир жеринен эле чалынып, түшүп калса. Эл нааразы болсо. Эч кандай ийгилик, жакшы жетишкендик болбосо. Кымбатчылык, жумушсуздук, ачарчылык күчөсө... Эми аларсыз деле бийлик түз жерден чалынып атканы чын.  Жергиликтүү шайлоо тынч өтсө, анан күзүндө парламенттик шайлоо катуу болуп калышы мүмкүн. Бийлик туура кадам таштап, катарын салмактуулар менен кеңейтпесе, кырдаал чын эле курчуп кетиши ажеп эмес. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер