Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Жаңы бийликтин кадр саясатында мурунку кемчиликтер уланууда”

Руслан Акматбек: “Жаңы бийликтин кадр саясатында мурунку кемчиликтер уланууда”

20-май, 22:47
839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөт түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, кадрларды тандоо саясаты эмнегедир көпчүлүктүн купулуна толбой жаткандай....

-- Жаңы бийлик, тилекке каршы, кадрдык саясатты мурунку кемчиликтер менен улантып келе жатат. Азыр эми жоопкерчилик бир колдо – президентте да. Бирок, ошого карабай, кадрларды тандоодо өлкөнүн багытын алдыга чыгарып өнүктүрүүгө, абалды өзгөртүүгө, проблемалардын алдын ала турган кадрлар тандалганы байкалбайт. Анын ордуна бийликтин тапшырмасын аткарган, сын айтпаган гана адамдар дайындалууда. Бул өлкөнүн ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлдеги кадрларга да тийешелүү. 

Анысы аз келгенсип, өкмөттүн түзүмү эмес, аты эле алмашып, баары өзгөрүүсүз калды. Бул дагы Кыргызстанды алдыга чыгарып кете турган түзүм эмес. Эң кейиштүүсү, ушул жаңы делген өкмөт түзүмүнүн өлкөнүн өнүгүшүнө салым боло турган “Жол картасы” дагы жок. Баягыдай эле чыккан көйгөйгө кайрылмай, популисттик кадамдар менен алектенмей... 

-- Жаңы мыйзамдар боюнча парламенттик шайлоодо эл өкүлдөрүнүн канчасы бир мандаттуу, канчасы партиялык тизме боюнча келишет? Анын артыкчылыктары менен кемчиликтери эмнеде болот?

-- Жаңы мыйзамдар боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90 болот. Алар кандай тартипте шайланып келери жаңы кабыл ала турган мыйзамдарда белгиленет. Бирок, биздин байкообуз боюнча партиялык система менен эмес, бир мандаттуу система менен келе турган болуп атат. Эгер андай болсо, кайра эле колунда бар, таасирдүү жарандардын парламентке келишине жол ачылат. Анда Жогорку Кеңеш дагы бийликтин сөзүнөн чыкпай турган болуп калат.

-- Аткезчиликтин азабынан көптөгөн көйгөйлөр жаралып келет. Бирок бул маселени тамырынан чечүүчү факторлор көрүнбөйт. Көйгөй эмнеге байланыштуу болушу мүмкүн?

-- Укук коргоо органдары, сот системасы реформа болмоюнча аткезчиликке окшогон көйгөйлөр улана берет. Байкасаңар, Баткендеги аткезчилик менен эл өзү күрөшүүдө. Ал эми күч түзүмдөрү, тескерисинче, аларды коштоп жүрөт. Аткезчиликти жоюунун бир гана жолу бар – ал укук коргоо органдарынын өз милдетин так аткаруусу. Мыйзамга баш ийип, улуттун, элдин кызыкчылыгын коргош керек эле. Тилекке каршы, биздеги мамлекеттик органдар кандайдыр бир топтун, кландардын кызматын кылып калган. Ошол нерсе дагы деле уланууда...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер