Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дааватчы кыргыздар Пакистан менен Индияда түйшүк жаратууда

Дааватчы кыргыздар Пакистан менен Индияда түйшүк жаратууда

07-апрель, 14:25
1 319 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө Пакистанда жана Индияда канча кыргызстандык дааватта жүргөнү белгисиз. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди:

"Алардын санын такташ өтө кыйын экен. Азыр муфтият менен иштеп жатабыз. Кандай жол менен келишсе да аларды обсервацияга жаткырабыз. Анализи таза чыкса гана кое беребиз".

Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан.

Пакистандын борбору Исламабадда жана Абботабад шаарында Кыргызстандан барган дааватчылардан коронавирус табылган.

Тышты иштер министрлиги илдет жуктургандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде консулдук каттоого турбаганын, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылбаганын билдирген. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер