Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиевди көзгө илбеген Доскул Бекмурзаев бат эле торго чалынды

Камчыбек Ташиевди көзгө илбеген Доскул Бекмурзаев бат эле торго чалынды

15-сентябрь, 14:57
464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жалал-Абад облусунан президент Садыр Жапаровду жандап, оң жагынан карыш жылбай жарыша басып, кээде ашып кетип, эл менен жолугушууга баратты. Кызык. Көзгө өөн эле учурады. Бул боюнча соцтармакта талкуу, сын-пикирлер жаралганына күбө болдук. Вице-премьер-министрлер Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев артта эле калып калышты. Бекмурзаевдин өзүнө өтө ишенгени, тим эле өкмөт башчыдай шерденгени көпкө узабады. Эртеси эле башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголуп, өзү болсо дароо ооруканага түштү. Жалакайын кара! Ансыз да бул министр энергетикага болгон чексиз тарифди көтөргөнү, акырындык менен элдин жонунан кайыш тилүүгө баратканы жашыруун эмес. Мындай шартта президенттин жанынан чакчаңдап, атырыла басканы, өзүнүн ордун билбегени үчүн Ташиевдин каарына калганы ушулбу? Сыягы, жакында Доскул Бекмурзаев бар же жок болот сыңарындай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер