Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскүл Акимжанова: “Бажыканадагы сол чөнтөккө кеткен акчалар, контрабанда тыйылган жок”

Рыскүл Акимжанова: “Бажыканадагы сол чөнтөккө кеткен акчалар, контрабанда тыйылган жок”

04-сентябрь, 12:41
2 332 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Фермерлер бийликтен кантты импорттоодо жана сатууда КНСтин нөлдүк ставкасын алып салууну суранышууда. Дыйкандардын пикирине кошуласызбы?

-- Негизи эле июнь айында КНСти алып салганда, мен каршылыгымды билдирип чыккам. Өсүмдүк майынын дагы, канттын дагы кошумча нарк салыгын алып салышкан. Кыштан баштап кант дагы, өсүмдүк май дагы кымбаттай баштайт. Өндүрүүчүлөр запастарынын баарын май айларына чейин кармашат. Кымбаттарын билишет. Июнь, июль, августтарда өндүрүүчүлөр болгон запастарын түгөтүшөт. Ошол убакытта каалайсыңбы-каалабайсыңбы, баары бир баасы түшөт. Биздикилер ошол баасы түшкөндө КНСти алып салышты. Менин оюмча, жайы бою КНСти алып салбай, тескерисинче, салык төлөмдөрү менен бюджетти толтуруп алышса болмок.

Азыр эми сентябрь айынан тарта жаңыдан түшүм чогултуу башталат. Жаңы түшүмдөр сатыкка чыгат. Баалар бир аз көтөрүлө баштайт. Ушул убакта кошумча нарк салыгын алып салуу шарт. 

Кант боюнча дыйкандар менен макулмун. Бирок кант кызылчасынын түшүмүн сентябрь айында дароо ала калышпайт. Сентябрь ичинде кошумча нарк салыгын алып салса болот. Октябрда кайрадан киргизген оң.   

Бирок, ар дайым бир маселени көтөрүп келем. Биз, импортерлор, баардык документтерди официалдуу түрдө көрсөтөбүз. Салыктарды төгөбүз. Бизде эч кандай ЕАЭБге киргенибизге байланыштуу салыктардан да качууга мүмкүн эмес. Баардыгы ачык. Бирок бизде бажыканада сол чөнтөккө кымыргандарга ыңгайлуу чоң тешиктер бар. Ошол жактан канча акчалар бюджетке түшпөй кетүүдө? Калп эле ушундай кадамдарды жасаган болуп, ары-бери убаракерчиликти көрсөтпөй, ошол бажыканадагы көйгөйлөр менен күрөшүшсө жылыштар болмок. 

Ушул кезге чейин бажыканадагы тешикти жабышкан жок. Абал өзгөрүүсүз калды. Дагы деле контрабанда менен аябай жаман сапаттагы азык-түлүктөр кирип, кыргыз базарларын толтурууда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер