Жарнамадан башы чыкпаган Жамалбек Рысалиевге кулак кагыш!
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Рысалиев табиятынан блогер да, шаар көчөлөрүнө асфальт төшөлүп атканда курулушчуларды видеого тартып, жарнамадан башы чыкпай калбадыбы. Оргу-баргы жүрүшүнө салбай, кичине алысты көрө билсе, ошол көчө жээктердеги бак-дарактардын суюлуп кеткенин, ооруга туш болгонун көрө албай койду да. Асыресе, күнүмдүк шоуга алдырып, тердеп-кургап, социалдык тармактарга арзыбаган сөздөрүн айтып отурат. Негизи жылыга бак тигүү демилгеленип, пиар менен коштолот, бирок алар жыл бою каралбай, баштапкы Фрунзенин жашыл шаар көркүнүн кунары кетип баратканы өкүнүчтүү. Бишкек бийлиги инвестиция тартып, өндүрүштү, бизнести өнүктүрө албаса да, жок дегенде бак-дарактарды өстүргөнгө жараса не? Мындай саамалык колдорунан келбейби? Аныгында, эл салыгынан чогулган каражатка жолдор курулууда, чөнтөктөрүнөн чыгарып жатышыптырбы? Мант беришип, көпчүлүктү тажатпай эле коюшпайбы? Америка ачкансыбай...
"Азия Ньюс" гезити