Гүлнара Ускенбаева: “Социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы ишкерликти көмүскөгө түртөт”
Дүйнөлүк банктын прогнозу боюнча 2021-жылы ар бир үчүнчү кыргызстандык жакырчылыкка кептелет. Дүйнөлүк банк пандемиянын кесепетинен көптөр жумуш ордун жоготконун баса белгилеп, мамлекет алды менен жаңы жумуш орундардын пайда болуусуна шарт түзүүсү керектигин айтат. Бул үчүн өкмөт ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоого алып, жеңилдетилген кредит, грант түрүндө жардам берип, аны менен катар салык жүгүн жеңилдетүүсү зарыл. Айрыкча кыргыз бизнесинин баш ооруусу – бул социалдык салык жүгү. Маселен, ушул жылдын 27-майында социалдык салыктардын жогорулашына багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгып, бизнес коомчулугунун нааразычылыгын жараткан. Аталган долбоор 1-октябрга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна чыгат. Албетте, мамлекет дайым эле көбүрөөк салык чогултууга кызыкдар. Бирок салык жүгүн азайтуу менен казынага түшкөн кирешени көбөйтүүгө мүмкүн болгон кызыктуу экономикалык теңдеме бар. Бул туурасында Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара УСКЕНБАЕВА айтып берди.
-- Гүлнара айым, бул мыйзамда кандай өзгөрүүлөр жазылган?
-- Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Ага ылайык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жумуш берүүчүлөр үчүн 17,25%дан 15,25%га төмөндөтүлөт жана кызматкерлер үчүн 10%дан 13%га чейин көтөрүлөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасынын жогорулашы эмгек акыга таасирин тийгизет. Иш берүүчүлөр үчүн тарифтердин төмөндөшү – бул жөн гана көрсөтмө сыяктуу. Анткени кызматкерлерге болгон тарифтин жогорулашына байланыштуу бизнес оорчулук тарта берет. Биздин анализ көрсөткөндөй, салык жана башка төлөмдөрдүн ставкалары канчалык жогору болсо, бюджетке ошончолук аз акча чогултулат. Тактап айтканда, социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы бизнести көмүскөгө түртөт.
-- “Бул мыйзам көмүскө экономиканы дагы күчөтөт” деген кооптонуулар айтылып жатат...
-- Мындан улам “бизнес толугу менен көмүскөгө кетет” деп айтууга болбойт. Бул жерде формалдуу эмес жумушта иштегендердин саны кескин өсүп кетиши ыктымал, бул көмүскө экономикадан да алда канча кооптуу көрүнүш. Салык жүгү оорлогон күндө деле иш берүүчүлөр анын кандай түрү болбосун төлөп, тынч жумушун кыла беришет. Бул көмүскө экономикага кирбейт. Анткени ал салыкты төлөп жатат да. Бирок, алар формалдуу эмес иштегендердин көбөйүшүнө салым кошуп калышы мүмкүн. Мисалы, бир ишкерде факты боюнча он адам иштесе, расмий түрдө эки же үч эле жумушчуну көрсөтөт.
-- Долбоор мамлекеттик казынага канчалык зыян алып келет?
-- Керек болсо экономикалык жактан дагы алган айлык акыңды көрсөтпөй коюу алда канча пайдалуу. Бул жерде жогорку социалдык салыктарга байланышкан бир канча көйгөйлөр жатат. Биринчиден, бул формалдуу эмес иштөө, экинчиден, социалык салыктарды баардыгы бирдей төлөбөйт. Ушундан улам таза иш алып барган чакан жана орто бизнеске өтө оорчулук келип жатат. Биздин бюджет ишкерлер төккөн салыкка көз каранды болгондуктан, бизнес кыйналса, казынага да ошончолук зыяны тийет.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити