Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Бокотаев: “Руханий өсүү “өзүмдү өзгөрткүм келет" деп түшүнгөн учурдан башталат”

Венера Бокотаев: “Руханий өсүү “өзүмдү өзгөрткүм келет" деп түшүнгөн учурдан башталат”

18-сентябрь, 21:06
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айрым адамдар “жашоодогу азап-кайгылар аларды жакшыраак, таза жана руханий өстүрөт” деп ишенишет. Буга кандай карайсыз?

-- Ушундай ойлогондордун баарына жаман кабарым бар. Азап өзүнөн-өзү эч кимди тазартпайт, руханий өстүрбөйт жана бийиктикке жакындатпайт. Азап адамга туура эмес жолдо баратканын түшүнүү үчүн берилет. Азап – бул максат эмес, курал, навигатор, сигнал. Бирок эл сигнализацияны машина менен чаташтырышат жана алар азап бир жакка кетиши мүмкүн деп ойлошот. Качан адам ооруса, бул – “кырдаалды өзгөрт” деген сигнал. Абдан жөнөкөй сигнал системасы.

Мисалы, аял ичкен, басынткан, ж.б.у.с. күйөөсү менен жашайт. Анын азап-тозогу ага “акыбалды өзгөрт” дейт. Бирок ал өжөрлөнүп, ага азап берген адам менен жашай берет. Ошол түбөлүк азабы көкүрөгүндөгү “медаль” экенине өзүн ынандырат. Канчалык көп кыйналса, кийин ошончолук бакытка татыктуу болоруна ишенет. Бирок, ал андан дагы чоңураак азап-кайгыга түшөт. Башкача болбойт.

Дагы бир мисал: адам жумушта иштейт, бирок аны баалабайт, аз төлөйт. Азап. Ал отура берет. Анан урпактарына «силер жашоодон эмне билесиңер? Мына мен азап тарттым. Мен өмүр бою чыдап келдим” дейт.

Жалпысынан алганда, айланабызда көптөгөн мисалдар бар. Мен аларды «коркунучтуу жомоктор» деп атайм. 

Руханий өсүү азап менен башталбайт. Сиз бир жыл, эки жыл, керек болсо өмүр бою азап тартасыз. Руханий өсүү “мен өзгөрүү үчүн эмне кылсам болот?” деген суроо менен башталып, “мен азап чегип жатам, мен аны өзгөрткүм келет” деп түшүнгөн учурдан башталат. Бул ойгонуу учуруна чейин жыйырма жыл же жыйырма мүнөт азап тарттыңызбы – баары бир. Убакыт маанилүү эмес, болгону түшүнүк маанилүү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер