Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө жүзүндөгү жаш балдар анча белгилүү эмес вирусту жапырт жуктура башташканы айтылды

Дүйнө жүзүндөгү жаш балдар анча белгилүү эмес вирусту жапырт жуктура башташканы айтылды

20-сентябрь, 12:28
1 128 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлер тобу дүйнө жүзү боюнча балдар дем алуу органдарынын ооруларын пайда кылган анча белгилүү эмес респиратордук синцитиалдык вирусту жапырт жуктура башташканын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында болгондугун, анын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмдөрү дароо толуп калгандыгын билдирген.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бул вируска чалдыккан балдардын көбүндө мурдунан суу агуу, сууктап жөтөлгөн сыяктуу болот. Бирок кээ бирлерде бронхиолит, өпкөнүн ылдый жагынын сезгениши пайда болушу мүмкүн. Окумуштуулардын айтымында, бул вирустун жайылышына коронавирус пандемиясы таасирин тийгизген. Себеби, карантиндик чаралардан улам балдардын вируска каршы иммунитети калыптанган эмес.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер