Райым Матраимовго кара пиар, же “Магнитский тизмеси” жөн гана шылтоо
Батышка жагынып, ал жактын “чоорун созгондор” коомчулуктун башын айландырууда. Райым Матраимовдун “Магнитский тизмесине” киргенин кеп кылышып, таза бүтө албай коюшту. Биз азыноолак чечмелеп коелу.
Негизинен бул көрүнүш АКШнын үстөмдүк көрсөтүү саясатынан келип чыккан. Бир катар мамлекеттердеги таасирдүү фигураларды каралоо, басмырлоо иретинде ушундай чек коюлат. Алар ар тармактын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Көбүн эсе улутчул, же өз динин жактагандарды, ошого катар өлкөсүндө кадырлуу болсо, АКШ бийлигине каршы позициясы байкалса, мына ушундай адамдарды түрдүү шылтоо менен каралоого алышат. Буга чейин Путиндин достору, жада калса Чечнянын президенти Рамзан Кадыров да “Магнитский тизмесине” киришкен. Мунун өзү Американын өзүм билемдик иши, дүйнөлүк пиар майданындагы популизми. Мындан трагедия издөөнүн зарылчылыгы жок.
Ал эми Райым Матраимовдун бул жагдайга кабылышы – бейөкмөтчүлөрдүн, батышчылдардын “эмгеги” катары бааланат. Кыргызстанда дайыма сырткы күчтөргө иштегендер “бөйрөктөн шыйрак чыгарышып”, коомчулуктагы тынчтыкты бузуу үчүн атайын “бута” алышып, ошону менен алектенишет. Көз будамайлоо. Акырында залакасын тийгизүүгө жандалбасташат эмеспи... Бир канча мезгилден бери Райым Матраимовду курулай жамандашып, суу кечпеген айыптоолорго алышты. Жыйынтыгында, жалпы эл ынана турган факты жок. Анан калса, улам келген бийлик андан пайда көрүү үчүн гана түрдүү кызыкчылыктарын ишке ашыргысы келет. “Тоодой күнөөнү” үйө беришип, акыры уят болушарын билишпейби?
А чындыгында, Райым Матраимов карапайым калк үчүн эбегейсиз жардамын пандемияда көрсөткөн, андан сырткары да бир топ жылдар бою кайрымдуулук кылып келгени белгилүү. Анын мамлекетке зыян келтиргенине ишенүү мүмкүн эмес. Кара баткак чачыратуу убактылуу, а мезгили келгенде тазарат...