Эрмек Исмаилов, дарыгер: Эмне үчүн мен хирургиядан жана реанимациядан кеттим?

Мен 9 жыл бою эң оор бөлүмдөрдө: хирургияда жана реанимацияда иштедим. Күн сайын ооруканага жеткирилгендер, операциялар, өмүр үчүн күрөш. Адамдар көп учурда кеч келишчү, оору денени бузуп бүткөндө. Мен болгону сактап калууга аракет кылчумун – жашоону кайтарып берүү эмес, болгону убакыт утуп берүү. Бир күнү өзүмө суроо бердим: “Эмне үчүн биз дарыгерге ооруп калган соң гана барабыз? Эмне үчүн биз оорунун алдын алууну үйрөнбөйбүз?” деген.
Мен чарчаганым үчүн эмес, профилактика – чыныгы жардам экенин түшүнгөнүм үчүн кеттим. Мурда мен күнүнө 8-10 саат операцияларга катышчумун, азыр болсо ар бир адам менен өз алдынча иштейм – ооруп калбаш үчүн. А адамдардын мага «доктур, акыркы 5 жылдан бери биринчи жолу энергиям толуп, башым тунук болуп, өзүмдү тынч сезип жатам» дегени мен үчүн операциядан да күчтүү сезим. Азыр мага адамдар ооруну эмес, оорубоону каалап кайрылышат.
-- анализдерин түшүнүү үчүн;
-- энергиясын кайтаруу үчүн;
-- өз денесинде жеңил жашоо үчүн;
-- дарылоо үчүн эмес, ооруканаларга жетпей жашоо үчүн.
Бул – арзан. Бул – акылдуу. Бул – чыныгы өзүн сүйүү.
Мен ишенем, Кыргызстанда эл узак, сергек жана бактылуу жашай алат. Мен ошол өзгөрүүнүн бир бөлүгү болууну каалайм. Мен жөн гана дарыгер эмесмин. Мен сапаттуу жашоого жол көрсөткөн кишимин. Эгер сен да дарылангың келбестен, жашагың келсе, профилактика менен башта.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити