Жаш кыздар, жаштыгыңарды кор кылбагылачы...

«Негизи кунаажан көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» деген таамай айтылган сөз бекеринен эмес. Азыр өзүн тааныгандар чычалап жазат, бирок бул чындык, моюнга алыш керек. Анда эмесе сөз башынан болсун.
Жолдошум экөөбүз Москва шаарында кичирээк кофейнянын эки точкасында менеджер болуп үч жылдай иштедик. Менде жыйырма жаштагы кассир болуп иштеген кыз бар эле, ага анда-санда келип калчу жигити үй-бүлөлүү экен. Аны баарына айтып, мактанып жүрчү, кыздын апасы аны билбейт эле. Бир күнү мен УЗИге барышым керек болуп, ордума күйөөм чыгып иштеди. Анын эртеси камерадан карасам, баягы кызым болушунча жасанып, койкоюп келиптир. Күйөөмдүн жанында күлкүсүн токтото албай өзүнчө сүрдөп бирдеме болуп иштеди, кечинде жабылап чыгарда «мени үйгө узатып коёсузбу?» дегенин таптак уктум камерадан. Күйөөм “жок, метро менен кет өзүң” деп жооп бериптир. Эртеси ал кызга “апаңа жиберем, жакшынакай жүр” десем, “макул” деген. Көп өтпөй биз Бишкекке кетип калдык. Кечээ жакында күйөөмө «кандайсыз байке? Сизди жактырып калдым” деп жазыптыр. Баягы кыз экен. Азыр айтасыңар “эриңди тый” деп. Менин го эрим карабайт экенин билем, бирок ушундай кыздардын айынан канча үй-бүлө бузулуп жатат? Жаштыгыңарга таянып тагдырыңарды ташка чаппагыла, өзүнөргө тең жигиттерди тандап үй-бүлө кургула. Энелерине да айтарым, кыздарыңарды карабасаңар бир үй-бүлө бузулат же кыздарыңар бузулат!
Гүлнара
"Азия Ньюс" гезити