Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнагүл РЫСКУЛБЕКОВА: “Кургатылган өрүк менен алманы кайнатып, ага итмурунду кошуп койсоң миңдин бири”

Айнагүл РЫСКУЛБЕКОВА: “Кургатылган өрүк менен алманы кайнатып, ага итмурунду кошуп койсоң миңдин бири”

24-октябрь, 01:29
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулбекова менен чакан маек кылдык. 

-- Айнагүл айым, сасык тумоо сезону башталдыбы? 

-- Негизи, өткүр респиратордук вирустук инфекциялар октябрь айынан март айына чейин “эпидемический сезон” деп, күндүн суук  болуп турганына байланыштуу көтөрүлөт. Биз ар жума сайын ооруган кишилер канча пайызга жогорулап же төмөндөп атышына көзөмөл салып, алар чоңдор арасындабы же кичине балдардабы деп, так маалыматты өзүбүздүн министрликке берип турабыз. 

-- Сиздерде жыл башынан берки тогуз айдын пайыздык жыйынтыгы мурунку жылга салыштырмалуу кандай болду?

-- Январдан сентябрь айына чейин өткүр респиратордук вирустук инфекциялар 19 пайызга төмөндөгөн. 2018-жылы ушул тогуз айдын ичинде Бишкек шаарында 54 миңден ашык адам ооруган болсо, быйылкы  тогуз айдын ичинде 45 миңдей адам ооруп катталган. 

-- Кайсы курактагы адамдар ушул ооруга көп чалдыккан?

-- 65 пайызы 14 жашка чейинкилер болуп атат. Өспүрүм балдар. Эмнеге дегенде, алардын иммунитети төмөнүрөөк болот. Ар бир мезгилдин суукташына жараша ооруп, анан бири-бирине жугат. Учурда эпидемический сезон катаал дештен алыспыз. 

-- Гриппке дейбизби, ОРВИге каршы дейбизби, эмдөөлөр кантип атат?

-- Бишкек шаарында ушул мезгилде 30 миңден ашык адам эмдөө алды. Булар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда беш жашка чейинкилердин каттоодо тургандар арасында жүрдү. 

-- Кечиресиз, бул эмдөөлөр бекер жүргүзүлдүбү же төлөнмө жагы да болдубу?

-- Эмдөө вакциналары бүт бекер болду. Бул вакциналар министрликтин көзөмөлүндө таратылат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна “бекер жасайсыңар” деп бергенбиз. Бишкекте андан тышкары акыга жасай турган менчик медициналык мекемелер бар. Мисалы, “Гипократ”, 312-бейтапкана, “Цадмир”, “Элкрит”, “Асанбекова клиникасы” жана №5, №6, №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өзүнчө акы төлөп эмдөө жүргүзгөн бөлмөлөр ачылган. 

-- Эми эмдөө алган адамдар сасык тумоо менен оорубайбы, же?..

-- Вакцина алган адамдарга бул оору жугуп калса да жеңил түрдө өтөт, бир жылга чейин иммунитети туруктуу кармалып турат. Вакцина албагандардыкы көпчүлүгү өтүшүп кетет, үйдөн туура эмес дары ичип, өпкөсүндө же башка органдарда башка ооруну пайда кылып коюшу мүмкүн. 

-- Эми соцтармактарда эмдөө боюнча кайчы пикирлер бар, бирөөлөр “эч бир пайдасы жок” десе, экинчиси, ашкере динчилдер “мусулман өлкөлөрүн жок кыла турган курал, ширк, харам” деп атышат. Бул боюнча эмне дейсиз?

-- Вакцинаны толук билбей туруп, туура эмес маалымат берип таркатып аткандын негизинде коомчулукта абдан терс пикирлер жаралып жатканы жанды кейитет. Вакцинанын ар жыл сайын алабыз. Мурунку жылдагысы кийинки жылга жараксыз. 

-- Алар биздин шартта текшерилеби, курамы кандай, бизге жарайбы же жарабайбы дегендей...

-- Вакцинанын курамы бизде жүрүп жаткан вирустун антигендик структурасында коргой турганы бар бекен же жок бекен деп текшерип туруп алабыз. Вакцина абдан кылдат текшерилет.

-- Быйыл бизге келген вакцина кайдан келди, эмне деп аталат?

-- Быйылкы бизге келген Гриппол® плюс вакцинасы Россиядан келди. Андан тышкары, Франциядан да келери күтүлүүдө. “Агрифлю” деген ат менен келет. Бирок, эки вакцинанын ичиндеги камтыган вируска каршы курамы бир. 

-- Быйылкы сасык тумоонун өзгөчө белгилери барбы?

-- Адамдын дене табы кескин көтөрүлүп +38ден ашык болуп, төшөккө жатып калып, колу-буттун муундары ооруса “сасык тумоо” деп айтышыбыз керек. Эгерде дене табы +38ге жетпей, мурдунан суу агып, “алсырап атам, маанайым жок” десе, ОРВИ дейбиз. Азырынча, Бишкек шаарында сасык тумоонун оор формасында ооругандар каттала элек. Ал эми өткүр респиратордук вирустук инфекциялар менен жабыркагандар катталууда. Ушул жерден айтып кете турган нерсе, эгер жогорудагы илдеттердин кандайдыр бир симптомдору байкалган учурда, үйдө өз алдыбызча дары-дармектерди ичпешибиз керек. Сөзсүз дарыгерге кайрылуу абзел. 

-- Илдетти үй шартында алдын алса болобу?

-- Эмнеге болбосун? Болот. Туура тамактану, анын ичинде сөзсүз түрдө витаминди кармоочу, толуктоочу азыктар менен азыктануу керек.

-- Мисалы?

-- Лимон, малина, карагат менен чай ичиш керек. Кургатылган өрүк менен алманы кайнатып, ага итмурунду кошуп койсоң миңдин бири. Туздалган капуста менен сабизден салат. Мындан сырткары, сарымсак менен пиязды жегенде организмдеги вирустарды өлтүрөт. Пиязды туурап, ар кайсы бурчка коюп койсо түнү менен үйдөгү вирустарды өзүнө соруп алат. 

-- Масканы кимдер тагыныш керек?

-- Масканы ооруп аткан киши башка адамдарга жугузуп койбоюн деп тагыныш керек жана аны ар бир 3-4 саатта алмаштырып туруу абзел. Үйдү желдетип, нымдуу чүпөрөк менен тазалоо да вирустун жок болуусун шарттайт. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер