Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмира Эшанова: “Азырынча мигранттардын абалы өтө деле оор эмес, согуштан башка маселени чечсе болот”

Элмира Эшанова: “Азырынча мигранттардын абалы өтө деле оор эмес, согуштан башка маселени чечсе болот”

13-март, 22:00
1 197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Россиядагы мекендештерибиздин учурдагы абалга көз карашы кандай болуп жатат? Сиз Москва шаарындасыз да, ал жакта рублдин куну кандай болууда? “Мекенге кайтабыз” деген мигранттар болуп жатабы?

-- Акыркы эки жуманын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы абал Москва жана башка региондогу мигранттарды да тынчсыздандырууда. Жаңылыктарда айтылгандай, азырынча мигранттардын абалы өтө деле оор эмес. Өзүңүздөр билгендей, учурда социалдык тармактар абдан жайылгандыктан, кандай гана кабар болбосун алымча-кошумчасы менен кооздолуп берилет. Абал Россия тараптын планы боюнча тез арада чечилбей, созулган сайын Америка жана Батыш мамлекеттер тарабынан түрдүү санкциялар биринин артынан бири жарыяланып жатат. Бул аракеттер психологиялык жактан алып караганда массаны сөзсүз түрдө кыжалат кылат, мындай көрүнүш албетте терс таасирин тийгизет. Анткени өнүккөн мамлекеттер менен болгон алакада товар, ар түрдүү алакалар аркылуу тез жана ыңгайлуу шарттар азайып калышы мүмкүн. Аларды кайра калыбына келтирүү үчүн бир канча убакыт талап кылынат. Негизинен Россия аркылуу пайданы ошол санкция жарыялаган мамлекеттер деле алып жаткан да. Мисалы, нефти, газ ж.б. Россиянын рыногу да ошол мамлекеттер менен толгон болчу. Аларды эми КМШ жана башка мамлекеттерге алмаштыруу керек болот. Согушсуз деле кризиске бараткан учурда тамак-аш жана башка нерселер кымбаттап баштайт. Чет жактан келгендерге эмес, ички инвестицияны күчөтүп, ички экономиканы көтөрүү керек экенин түшүндүк. 

Жалпысынан алганда, санкцияга авиакомпаниялар да киргенине байланыштуу рейстер кыскарып, каалаган мамлекеттерге эркин учуу ыңгайсыз болуп калгандыктан, билеттер да кымбаттай баштады. “Мекенге кайтуу керек” деп аракет кылгандар деле жок. Зарыл иштери бар адамдар гана кымбаттыгына карабай учпаса эле абал кадимкидей. Социалдык тармактарды тыюу салганы туура. Анткени, эл уккан-көргөн нерсесине ишенип, ар кандай жолдорго барышы мүмкүн.

-- Россияда жарандыгы барларды Украинага жиберүүгө чакырганы айтылууда. Сиз буга кошуласызбы? Мекендештер кандай пикирде? 

-- “Орус жарандыгы барларды армияга алып кетет экен” деген бул коркунуч деле эмес, бул ар бир мамлекеттин мыйзамы да. Кайсы улут болбосун  жарандыкты алган – бул ошол мамлекеттин мыйзамына баш ийгендик дегенди билдирет. “Пособиеси жакшы, айлыгы, пенсиясы жакшы, армиясы бизге болбойт” дей албайсың да, чынбы? Ар бир нерсенин оң жана терс жагы болот, андыктан чечим чыгарарда ойлонуп кадам кылуу керек. 

 Өзүм Москвада 2004-жылдан бери жашайм. Келгенден бери жашоо жомоктогудай керемет деп айта албайм, биз да эл катары көп сыноолорду башыбыздан өткөрдүк. Пайдасын көрүп, нанын жеп, анан кыйынчылык болгондо жамандап таштап кетчүлөрдөн эмесмин. Паспортту алмаштырган эмесмин, анткени аны алмаштырганга зарылчылык болгон эмес. Кыргыз паспорту менен деле жакшы иштерде иштесе болот. Кичине кыйынчылыктар болот, бирок алар убактылуу да. Согуштан башкасын чечсек боло турган нерсе го. Пандемиядан да өттүк, Еврасоюзга кошулганча патент, жумушка уруксат, иши кылып кандай гана талаптар болбосун жалпы эле мигранттар абалдан чыгып, такшалып, турмушка быштык. Бул бизди мурдакыдан да такшалтып, дүйнөгө болгон көз карашыбызды кеңейтип, ар түрдүү учурга даярдады. Ар бир нерсенин оң жагын гана алганга аракет кылсак, эч уттурбайбыз деп ойлойм. Кыйын учурлар кыйын адамдарды тарбиялайт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер