Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмурат Кочкор уулу: “Мусулман аң-сезими кандайдыр бир туңгуюкка кептелип, кыйналып турган учур”

Элмурат Кочкор уулу: “Мусулман аң-сезими кандайдыр бир туңгуюкка кептелип, кыйналып турган учур”

05-ноябрь, 19:01
880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты менен маек.

-- Элмурат мырза, алгач окурмандарга өзүң тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Мен Ош облусунун Өзгөн районунун кулунумун. Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин 2012-жылы аяктап, ошол эле жылы Анкара шаарына магистратурага кеткем. Учурда Түркиянын Кайсери деген шаарындагы Эржиес университетинде докторантурада окуйм. Дисерациямды  аяктоого жакындап калды. 

-- Жакынкы күндөрү эле маалымат чыкты: үлпөт тойдо музыка коюшканы үчүн талибандар адамдарды аткылап кетти. Адамдардын түшүнүктөрүнөн үрөй учат. Биздин өлкөдөгү динге өтө берилгендерге мунун таасири тийбейби? 

-- “Талибандын” аң-сезими талибандын өзүнөн коркунучтуурак. Мен дайыма ушул нерсени басым жасап айтып келем. Азыр талибандар Афганистандын башкаруусун басып алып, “биз башкарабыз” деп бийликке келгенден кийин бизде да чочулап, кыжаалат болуп, “бизге зыяны тийип калышы мүмкүн” деген кайгыруулар, сарсанаалар болуп жатат. Себеби, бизде деле талибандарга окшоп ойлонгон талибандык аң-сезимдер бар. Булар кечээ эле пайда болуп калган жок. Ислам ойлору, исламды түшүнүү же болбосо мусулманчылык аң-сезим азыркы учурда дагы жогорулап, өнүккөн формада болушу мүмкүн эле. Бирок биз муну эптей албадык. Мусулман ой жүгүртүүсү, мусулман ойлому ислам эмес. Мусулман ой жүгүртүүсү азыр кризисте. Дал ушул кризистен улам мусулманчылыктын  жаман агымдары, жамааттар чыгып кетти. Бул бир эле талибан эмес. “Талибан” кыймылы актуалдуу болгон үчүн башкы мисал катары карап жатабыз. Буга чейин “Аль-Каида”, “Хизб-ут тахрир”, учурунда Өзбекстанда бир топ көйгөйлөрдү жараткан жамааттар бар эле. Дагы биз билбеген ондогон, жүздөгөн агымдар, халифаттар бар. Исламдын нукура баалуулугуна төп келбеген ойлорду алар жайылтышкан. Бизде азыр талибанга окшоп ойлонгон, окшош бүтүм чыгарган, окшош методологияны колдонгон аң-сезимдер арбын.

-- Мейли, дин тутушсун, бирок адабият, руханий деңгээлдеги көкүрөк керек го? Бул жагынан биздин өсүп келе жаткан муунга кандай баа бересиң?

-- Негизи исламдын нукура баалуулуктарын, исламды туура түшүнөбүз десек, нукура, терең, руханий баалуулуктар менен эриш-аркак кетиши керек болчу. Ислам эч бир учурда акылга, логикага, адамдын руханиятына, көөдөнүнө туура келбеген иштерди буюрбайт. 

Бүгүн кандайдыр бир агым “Алланын айтканы ушу, Алланын буйругу ушул. Андыктан буга “кыңк” этпей баш ийиш керек” деп акылга, руханиятка, терең адамдык баалуулуктарга каршы нерсе айтса, буга эч ойлонбой туруп каршы чыгып коюш керек, же аны “исламга же Кудайга каршы келип калдым” деп кабыл албай койгондон коркпош керек. 

Мусулман ойлому, аң-сезими кандайдыр бир туңгуюкка кептелип, кыйналып турган учур. Демек, бул доордо ушундай көйгөйлөр, туура эмес ой жүгүртүүлөр, калпыс багыт алган агымдар көбөйүп кетиши турган сөз. Ошондуктан азыр дин тутуу менен руханиятты эки башка кылып көрсөтүп койду. Дин эч бир учурда акылга, логикага адамдык баалуулуктарга туура келбегенин баамдасак болот. Же “ушуну тандап, тозокко түш же бейишке чык” деп эки тандоону адамдын алдына коюп койду. Албетте, бул чоң жаңылыш. Бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, адамдын рухий байлыгы канчалык терең болсо, ошол адам чыныгы диндар, таза мусулман болот. Ансыз биз сакал койгонду, дааватка чыкканды, намазга жыгылганды, ажыга барганды эсептеп, индикатор менен көрүп, ошолорго карап “таза мусулман” деп эсептеп жүрөбүз. Албетте, бул бүгүнкү мусулман ойломунун кризисинин мөмөлөрү.

-- Дин тутууга аракеттенген өсүп келаткан муунга кандай кеңештериң бар?

-- Жаңы өсүп келе жаткан муун диндар болгусу келсе мусулманчылык менен өздөрү таанышсын. Куранды мүмкүн болсо арабча билбесе англис, орус тилиндеги котормолорунан окуп изденишсин. Анан ойлонсун. Өз алдынча бүтүм чыгарып, “ушундай экен” деп жашасын. Ушул жетиштүү болот. Көчөдө айтылып жүргөн икир-чикирине чейин, “бул жеринде мындай деген жери бар” дегендерден коркпосун. Буларга каршы чыгып коюу – исламдан баш тартуу деген маанини билдирбейт. Бүгүн биздин коомдо сахнада жаңырып жүргөн исламий түшүнүктөр ислам эмес. Исламий жоромолдор гана. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер