Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Жанирмем » Эки баламды тең никеси жок төрөдүм, үчүнчүсүн кантем?
Эки баламды тең никеси жок төрөдүм, үчүнчүсүн кантем?
30-октябрь, 13:33

Мен 28 жаштамын, эки баланын энесимин. Кызым 6 жашта, балам 3 жашта. Экөөнү тең никеси жок, жигитимден төрөгөм. Себеби жигитимдин үйлөнгөнгө шарты жок эле. Өзүнүн да үйү жок, ата-энеси кичинекей кезинен эле ажырашып кетишиптир. Ошентип жүрүп, күндөр өтө берди. А мен жигитимди жакшы көргөндүктөн, чогуу жашап жүрө бердим. Өзүмдүн апам биртуугандарым туура түшүнүштү. Азыркы убакта эми чогуу жашабайбыз. “Жок дегенде нике кыйдыралы” десем да болбой койгонуна жиним келип, кетип калгам. Үчүнчү ирет кош бойлуумун. Үчүнчүсүн кантем? Азыр балдарымды өзүм багам. Эми мен кандай кадамга барсам болот?..
Айзада